Тажикстанда кечкисин интернет-кафеге барган өспүрүмдөргө айып салынууда

Тажикстанда укук коргоо органдары кечинде интернет-кафелерде отурган 30дан ашык өспүрүмдү кармады. Өлкө ИИМинин маалыматы боюнча алардын баары тең борбордо өткөрүлгөн атайын рейд маалында компьютер оюндарын ойноп отурган учурда кармалышкан.

Маалыматка караганда, түшүндүрүү иштеринен кийин өспүрүмдөр кое берилген. Бирок алардын ата-энелери административдик жоопко тартылышты. Өспүрүмдөрдүн зордук-зомбулук мүнөзүндөгү оюндарды ойношуна жол берген интернет-кафе ээлерине нормативдик актылар түзүлдү.

Эки жума мурда ИИМ букмекер кеңселери менен интернет-кафе ээлерине мектеп окуучуларын киргизбөө керектигин, эгер андай учурлар болсо айып салынарын эскерткен.

Мындай чечим эки окуучунун өлүмү менен аяктаган Дүйшөмбүдөгү кезектеги окуядан кийин кабыл алынган. Өспүрүмдөр ортосундагы бычакташуу 3-январга караган түнү борбордогу интернет-кафелердин биринин жанында болгон. Тергөө балдар интернет-кафеге күн сайын барып, зордук-зомбулук мүнөзүндөгү оюндарды ойноп жүргөнүн жана алардын каармандарынын кыял-жоруктарын үйрөнүп алышканын аныктаган.

ИИМдин маалыматы боюнча өспүрүмдөрдүн бычакташуусу боюнча 13 киши кармалып, экөөнө издөө жарыяланган. Мекеме башчысы Рамазон Рахимзоданын айтымында, окуяга байланыштуу 500 киши суракка катышкан. Ал окуяга көбүнчө алдын алуу иштерин жүргүзбөгөн милиция кызматкерлери, ошондой эле ата-энелер менен мектеп күнөөлүү деп эсептейт.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *