Тажикстанда кыйноо колдонгондорго жазаны катаалдаштыруу сунушталууда

Тажикстан Юстиция министрлиги Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун даярдады. Ага ылайык, айыпталуучуларга карата кыйноо колдонгондор 12 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Тажикстандын азыркы мыйзамдарында кыйноо колдонгондорго айыппул салуу же эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Мындан тышкары жооптуу кызматтарда үч жылга чейин иштөөгө тыюу салынган. Физикалык жактан кыйноо көрсөтүү гана эмес, психологиялык басым көрсөтүү дагы кылмыш болуп эсептелет.

Юстиция министрлиги сунуштаган өзгөртүүлөргө ылайык, кыйноо үчүн айыппул салынбайт, күнөөлүүлөр 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылат. Экинчи жолу кылмыш кылгандарды 12 жылга чейин сотто каралган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *