Тажикстанда окуучу кыз президенттин кортежин токтотуп, көйгөйүн айтты

Пенжикент шаарындагы мектептердин биринин 1-классынын окуучусу Хосият иш сапар менен аймакка келген Эмомали Рахмондун кортежин токтотуп, ага өз катын тапшырды.

Адатта жарандардын өлкө башчысы менен жолугушуусу алдын ала макулдашылат, мындай учурлар өтө сейрек болот. Ишембиде Эмомали Рахмон Пенжикентте Саразмдын 5500 жылдыгын белгилөө үчүн келген.

Пенжикенттин жаш тургуну Хосият Олишова 12-сентябрь күнү эртең менен шаардын борбордук көчөсүнөн өкмөттүк кортеж кетип баратканын көргөн. Машинелер беш кабаттуу «Саразм Плаза» имаратынын алдына токтошкон, ошол маалда кыз: «Президент кайсы машинеде?» – деп сураган.

Күбөлөрдүн айтымында, өлкө башчынын жан сакчылары аны токтотууга аракет жасашкан, бирок президент кыз келсин деген белги берген. Хосият кат берип, аны Пенжикент шаарынын администрациясына чакырган.

Президенттин маалымат катчысы Абдуфаттох Шарифзода мындай окуя болгонун тастыктады. Маалыматка караганда, президент кыз жетим экенин айтып, анын маселесин тез арада чечүүнү тапшырган.

Пенжикент шаарындагы №74 мектептин директору Максуда Ахророванын айтымында, кыз өз катында апасы менен жалгыз батирде турарын, атасы үч ай мурун каза болгонун, алар үй-жайсыз калганын жазган. «Хосият – мектептеги жакшы окуган, активдүү окуучуларынын бири», – деди директор.

Пенжикент шаарынын администрациясынын өкүлү Хосият менен сүйлөшүп, анын үй-бүлөсүнө бюджеттен 10 миң сомони (1000 доллар) бөлүнгөнүн жана азык-түлүк берилгенин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *