Тажикстанда орус аскерин өлтүргөн адам 20 жылга соттолду

Хатлон облусунун соту Коргон-Төбөдөгү Орусиянын 201-аскерий базасынын кызматкери Алексей Буенковду өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган жергиликтүү тургун Ахлиддин Машрабовду 20 жылга эркинен ажыратты.

Шектүү кылмыш кылганын моюнун алып, аны үч орусиялык аскер кызматкери (арасында Алексей Буенков да бар болгон) сабап салгандан кийин Буенковду өлтүргөнүн айтты. Мамлекеттик айыптоо айыпталуучуну 22 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Маалымдалгандай, сотко Буенковдун туугандары менен жакындарынан эч ким катышкан жок, жабырлануучу тараптан өкүл катары аскер базанын кызматкерлери барышкан. Ахлиддин Машрабовдун апасы сот менен жабырлануучу тараптан уулун кечирип, ага мунапыс берүүнү суранды, бирок сот аны узак мөөнөткө эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды.

40 жаштагы орусиялык аскер кызматкери Алексей Буенков ушул жылы 30-июлдан 31-июлга оогон түнү Коргон-Төбөдөгү ресторандардын биринде өлтүрүлгөн. Кол жуучу жерде кезек күтүп турганда башталган Буенков менен Машрабовдун ортосундагы кайым айтыш адам өлүмү менен аяктаган. Ошол эле түнү укук коргоо органдары кылмышка шектүү катары жергиликтүү тургун Ахлиддин Машрабовду кармашкан.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *