Театрт сынчысы Жаныш Кулмамбетов агынан жарылды: “Келгиле, эки жүздүүлөнбөйлүчү”

Кыргызстанда сейрек кездешкен кесиптин ээси – театр сынчысы Жаныш Кулманбетов агынан жарылып, өнөрлүү кишилерге чоң соболун салды. Аны ал өзүнүн Facebook баракчасына жайгаштырды. Мындай кишилердин да сөзүн угуп коюу керек:

Болот Шамшиев каза болду.

Соцтармактар көңүл айтуу менен алек. Ошондой эле болмок. Кээ бирөөлөр аны “белгилүү”, кээ бирлер “улуу”, кээ бирлер “бир келген талант” деп аташууда. Ага кандай сөз жарашарын айта турган мен эмесмин. Бир билгеним: Болот Шамшиев кыргыз советтик кинонун доорун жүргүзгөн адамдардын бири, ХХ кылымдагы улутук киномотаграфиянын жаңы жүзү, учкан жылдызы боло алган. Ал ошол бойдон кыргыз маданиятынын тарыхында калат.

Мен сөзүмдүн башында соцтармактар жөнүндө айтып кеттим. Анын себеби да бар. Ушундай талантка таазим эткендердин арасында ич күйдүлүк бар экенин байкадым. Эки жүздөнбөйлүчү! Кандай дейсиңер? Мен муну эмнеге айтып жатам?

Чыңгыз Айтматов каза болду. Эртеси эле радиодон кылы кыйшайып койбогон алып баруучу Бишкектин көчөлөрү Айтматовсуз жетимсирей түшкөнүн жар салды. Анын жалган сүйлөгөнүнө кускум келди эле. Ал Айтматовду жек көргөндөрдүн бири экенин билчүмүн. Ошол элес ошол бойдон мээмде калды.

Дагы бир жагдай: Бакен Кыдыкееванын өлүмү. Ошондо дагы бийик тактыда олтуран аткаминерибиз “калп эле” Кыдыкееванын тагдырына ортоктош болуп, узатуу зыйнатын уюштурам деп чыккан. Бирок бир кылчалык нерсе жасабады. Ошондой кишинин айынан Бакен эжекебиз депрессияга түшкөнүн жакшы билебиз. Анда да эки жүздүүлүк болгон!

Кийинки көз ирмем. Таттыбүбү Турсунбаева каза болду. Бардыгы сыйлашчу, бардыгы таазим этишчү, театр менен кинонун көркү эле. Ошол кезде ал киши жөнүндө кандай гана жалган ушактарды уккан жокмун. Бир чоң чогулушта эле эжекебизди “жеп” салышчу.. 90-жылдары “Таня, Таня, Таттыбүбү” деген пьеса жазганым да ошондон.

Акыркы ирмем. Төлөгөн Касымбеков кыргыз адабиятындагы көрнөктүү сүрөткерлердин бири. Аны жерге берип жатканда, кесиптештери эмне деген жалындуу сөздөрдү айтканы маанилүү эмес эле. Касымбеков “Сынган кылыч” романын жазганы үчүн кандай куугунтукка кабыл болгонун айтышкан, бирок ошол эле жазуучу-кесиптештери далысын салып кетишкен. 1984-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун пленуму болуп, Касымбековго каршы жугунду төгүлгөн.  Бирок ал жыйынга автор өзү катышкан эмес эле. Эмне жөнүндө сөз болорун билип туруп эле келбей койгон окшобойбу. Ошондо далай сын айтылган. Тыныгуу убагында жазуучулар сыртка чыгып, тротуар менен Касымбековдун келатканын көрүп калышат. Шыбырашып калышат. Акын Эрнис Турсунбековдун башкасы ошондо далысын салган экен. Өңү кумсарган Касымбеков өзү басып келип учурашыптыр. Аны карап туруу – кыйын эле, кантсе да кыргыз сөзүнүн улуу сүрөткери болчу. Кыйын учурунда аны карабай койгон кыргыз жазуучулары ал өлгөндө “асман-айды” айтып турушту. Эки жүздүүлүктүн чеги жок экен.

Эмнеге буларды жазып жатам? Анткени кайрадан жасалма сөздөрдү уккандан тажадым, көзү өткөн кино чебери айттырбастан, ким экенин эчак эле көрсөтүп койгон. Адамдар жок дегенде өзүнүн абийири алдында таза болсо, чыгып сүйлөгөн жерин булгабаса, калп маек бербесе, калп сөз сүйлөбөсө деген тилек. Андан көрө, унчукпай эле коюшсун. Ошол нерсе чынчыл болот”.

Жаныш Кулманбетов, театр сынчысы

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *