Текебаев бийликтин баш оорусуна айланды

Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду такка отургузуп, бийликти өз каалоосу менен өткөрүп бергенден тарта «котур ташын койнуна каткандар» экс-президентти жамандап, учурдагы өлкө башчысына жагынуу аракетин катуу көрүп жатышат. Айрымдарынын максаты ишке ашып, бийликтеги таасирдүү адамдардын колтугуна кирип үлгүрсө, кээ бирлерине дагы да болсо эшик ачыла элек. Жолу болбой, бирок дале үмүт артып жаткандардын катарында Атамбаевдин тушунда камалган Өмүрбек Текебаев турат. Бийлик Текебаевди чыгарып жибергенден чочулап, ошол эле кезде камакта кармап тургандан да заарканып, ден соолугуна шылтоолоп ооруканага жаткырды. Ушуну менен саламаттыгы начардыгына байланыштуу эркиндикке чыгарабы же кырдаалды байкап, мөөнөтү аякгаганча камакта кармайбы жакынкы аралыкта белгилүү болот.

Булак: «Фабула»

1 ой-пикир

  • Фабула гезити ар нерсени эле жаза береби.Чындыкты жазыш керек да.
    Атамбаев ойду-тоону суйлоп 6 жылын откорду -Кыргызстанга Бир тыйын пайда
    кылбай.Озу жалан байлык жыйнады
    Каршыларын турмого олтургузду.Туура эмес турмого отурганы жон эле бошотулуш керек-ал эле бул эле
    Делинбей!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *