Текебаев президенттин абийирин ачты

Эл ичинде “ит деле итаягын коруп ичет” деген сөз бар. Анын сыңары Өмүрбек Текебаев дагы өзү жазган Башмыйзамды жан алакетке түшүп коргой баштады. Өйдө жактын сөзүн укпай, Конституциядан колуңарды тарткыла деп көшөрүп турат. Өзгөртүүнү демилге кылган Алмазбек Атамбаевдин дарегине дагы бир топ сын айтууга үлгүрдү. ЖК депутаттары үлбүрөп, коңулдан чыкпай жатканда бирөө чындыкты айтыш керек эле да. Бул вазийпаны азыр Текебаев колго алгандай. Ал ажого азуусун кайрап, ММКлардын биринде “Атамбаев шаша-буша Башмыйзамды өзгөртө коюп, саясаттагы өмүрүн узаткысы келип жатат” деп балп эткирди. Бул сөздү оппозиция эмес, Ак үйдүн жетинчи кабатында отуруп, президент менен чайлашып жүргөн киши айтты. Муну менен ал Атамбаевдин абийирин ачып, өлкө башчысынын “элдин эртеңин ойлоп жатам” деген сөзүн жокко чыгарды. Текебаев, президент эртең башка кызматка барбаганы менен, өзүнүн адамдарын бийликте калтырууну көздөп жатканын ачык айтып, “Атамбаев өзүнүн саясий кланын түзүп жатат” деп коңгуроо какты. Бийликтин таасирдүү бутактарына президент өз адамдарын алып келип жатканын мисалга тартып, муну Атамбаевдин саясаттагы кыскарып бара жаткан өмүрүн узартуу аракети катары баалады. Чындыгында бул айтылгандар чоң жаңылык деле эмес чыгар. Анткен менен бул сөздөрдү Ак үйдөгү таасирдүү делген адамдардын бири айтып жатканы жөн жерден эмес. Демек, ажонун элди алдап жатканын Текебаев өз сөзү менен далилдеди. Эми Атамбаев кантип актанат? “Оппозицияга акылынан айныгандар жыйналып алган, алар айта берет” дечү эле, эми Конституциянын “атасы” айткан сөзгө жообу кандай болор экен?

5 comments

  • janybek_diagnostik says:

    Өмүрбек Чиркешовичти колдошубуз керек.

  • Абдыкерим says:

    Имиджин тушкур Текебаев, куруттун го! Бир саясий дивидендин эки болбосун. Минималдуу пенсияга чыккыр. Короор сессиян тугонуп, суйлоор микрофонундун мембранасы айрылгыр. Мыйзамын арык аттабасын. Сенин да башынды шоопурун бийлеп, ойку кайкы суйлоп кал. Азабынды Жолдошева берсин. Теледе ынгайсыз суроолор башына жаасын. Кемерине эч ким илинбей калсын. Шайлоодо жолугушууга эл чогулта албай кал. Боршайкомго душмандарын барсын.

  • кутманали says:

    Урматтуу Кыргыз элим, биз эч баш мыйзамга эч кандай озгортуу киргизбешибиз керек, себеби бир иштин артында созсуз дагы бир иш турат аны баарыбыз жакшы билебиз…силер не А.Ш. Атамбаевдин созуно ишенип жатасынарбы? Мен мисалы ишенбейм,себеби А.Ш.Атамбаев 2010-жылы эгер Кыргызстан Президенттик республика болсо кандидаттыгымды коём эгер парламенттик республика болсо анда президенттикке талапкерлигимди койбойм деген болчу, анда азыр президентибиз ким..?

  • Алик says:

    Текебаев – популист, саткын.Анын устуно каарып,алжып калды.

  • Иса says:

    Негизинен Президентибиз туура эмес болуп жатат. Конституциянын жетишсиз жагы болсо да 2020 жылга дейре тийбеш керек болучу. Адамдар өлүп, жаш жигиттердин каны төгүлүп, ый-төгүлүп жатканда эл менен макулдашылган болучу. Ушул конституцияны ар-кимиси каалаган убагында өзгөртө берип тамтыгы, баркы кетти, ушу да мамлекетпи деп жатышкан мен окшогондор аябай ишенгенбиз 2020 жылга дейре жок дегенде баш мыйзамга асылышпайт экен деп. Бийликке келишти баякы эле ыр, баякы эле чыр кайра башталды. Болгондо да бийликтен кетээринде, буга чейин деле президенттер так эле ушинтип оюн башташкан, эл эки, үчкө бөлүнүшкөн. Акыры эмне менен бүттү. Дагы андай болбойт деп ким кепилдик берет. Кайра эл тарап тарап болуп бөлүнөбүзбү, бири-бирибизди күнөөлөп, бири-бирбизге акыл айтып. Чындыгында эле конституцияны деле өз кызыкчылыгына пайдаланбай эле элди пайдаланабыз деп жаткандай эле болуп жатат. 2020 жылдан кийин деле өзгөртсө эмне болот эле, ушул эле эл турбайбызбы.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *