Текебаев Рыскелди Момбековдун айткандары жана Аида Салянованын камалышы тууралуу эмне дейт?..

Экс-башкы прокурор Аида Саляновага карата кылмыш ишин козгоодо баш мыйзамдын беренелери бузулганын Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Азаттыкка» билдирип: «Баш мыйзамдын 74-беренесинин 4-главасында, «Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары жөнүндө» берененин экинчи бөлүгүндө башкы прокурорду дайындоого президенттин сунушу менен парламент макулдук берээри, жазык жоопкерчилигине тартууга да макулдук берээри жазылып турат. Аида Жеңишбековага козголгон кылмыш иши анын башкы прокурор болуп турган кездеги кыймыл-аракети менен байланыштуу болуп жатпайбы. Ошол жактан алып караганда баш мыйзам бузулду» – деп айткан.

Чындыгында мыйзам бузулганын, эл өкүлүнүн айтканында жүйө, негиз бардыгын экс-башкы прокурор Нурлан Турсункулов дагы баса белгилеп:

– Аида Саляновага кылмыш ишин козгоодо, камоодо мыйзам бузулду. Анткени экс-башкы прокурорду камаш үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек. Анткени Салянова башкы прокурор болуп турган учурундагы иш боюнча камалып жатат. Ошол себептен парламенттин макулдугун алышы зарыл болчу. Мыйзам башынан бузулду. Эми сот иштеринде оркойгон каталыктар чыгат. Эртең Салянова эл аралык уюмдарга арызданса утуп алат. Момбеков мыйзам бузулду деп эң туура айтты. Ал кимдир бирөөнү күнөөлүү же күнөөлүү эмес дегенди айткан жок. Башкы мыйзам бузулду дегенди айтты. Эми Салянованын күнөөсү бары-жогун сот аныктайт. Эгерде мыйзам сакталбаса, эртең эле «сен башкы прокурор кезиңде минткенсиң, тигинткенсиң» деп башкы прокурор болуп иштегендердин баарын шакылдатып камап баштайт. Ошондо даана боткосу чыгат. Рыскелди Чыныбекович дал ошол кооптуу прецедент жаралып калат дегенди айтып жатат. Себеп дегенде башкы прокурор эч кимден коркпой-үркпөй чечим кабыл алыш үчүн башкы мыйзам аркылуу ага кепилдик берилет. Ошол нерсе бузулуп жатат. Акыры келип Момбековдун айтканы туура болуп чыгат. Кап аттиң, ошондо Момбековдун айтканын угуп койсок болмок дешет – деп билдирген…

Момбековдун айтканы акыйкат экенин камактагы «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмурбек Текебаев дагы айтып чыкты.

– Өмүрбек Чиркешович, ден соолугуңуз, маанайыңыз кандай? “Ата Мекен” партиясынын дагы бир көрүнүктүү мүчөсү Аида Салянованын камалышы таасир эткендир…

– Рахмат. Кадимкидеймин. Менин ден соолугум үчүн колунан келгенин жасап жаткан врачтарга ыраазымын. А маанайым адаттагыдай, “боевой”. Албетте, Аида Салянованын иши боюнча дагы күрөшөбүз.

– КСДПдан Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун айткандары “Аида Салянованын кармалышы да, камакка алынышы да Конституцияга каршы келет” – деп жарыя айтты. Конституциянын башкы автору катары Момбековдун бул аныктамасы боюнча сиз кандай ойдосуз?

– А дегенде Рыскелди Момбеков тууралуу бир-эки ооз сөз айта кетким келет. Армения, Украинадагы акыркы окуялар, ал тургай өзүбүздөгү деле саясий процесстер коом, эл эски саясий элитадан жадай баштаганын көрсөтүүдө. Мында мен жаш куракты эске алып жатканым жок. Эл кыйладан бери аренадан кетпей, такай саясатта жүргөндөрдөн жадап, жаңы баатырларды, жаңы каармандарды күтүп жатат. А Рыскелди Момбеков дал ошондой жаңы толкунга кирген, эски салтты туурабаган, даяр калыпка түшпөгөн саясатчы. Анын саясий рейтинги күндөн-күнгө өсүп баратат: азыр Кыргызстанда популярдуулугу, айткан-дегенинин социалдык тармактардагы угулуп-көрүлүшү, цитаталанышы боюнча Рыскелди Момбековго теңдеш саясатчы жок. Тажрыйбалуу саясатчы катары мен бул процесске кызыгуу, ал тургай, кызгануу менен байкоо жүргүзүп келатам. Момбеков бийиктеп өсүүгө жөндөмдүү экендигин көрсөтүп, чукугандай сөз таап, уйкаштыра сүйлөгөн “төкмөлүктөн” олуттуу ойлонгон, жоопкерчиликтүү, оор салмактагы саясатчы катары бышып жетилди.

Аида Салянованын камалышынын Конституцияга каршы келээри тууралуу билдирүүсү да ага бир мисал. Мен ага башында анча маани берген эмес экенмин. Рыскелдинин билдирүүсү түрткү болуп ойго салгандыктан анан тактап, териштирип көрөйүн дедим. Кичинекей “Конституция” дайым жанымда жүрөт эмеспи. Аны ачып карап, Момбеков таамай айткандыгына ынандым.

– Бул маселеде Рыскелди Момбеков кандайча туура экендигин түшүндүрүп берсеңиз?

– Былтыркы жылы бизде экс-президенттин кол тийбестиги боюнча маселе көтөрүлбөдүбү. Мен ошондо “24.kg” маалымат агентчилигине интервью берип, Конституция боюнча экс-президентте кол тийбестик жок экендигин айткам. А бирок “жакшы санагандар” Сооронбай Жээнбековго ал дагы экс-президент болоорлугун эскертип, ошондо кол тийбестик анын өзүнө дагы кереги тиерин айтып ишендиришти. Анан ошол топ Конституциялык сот тарабынан экс-президент деле кызматтагы президенттен кем эмес кол тийбестикке ээ деген чечим чыгартууга жетишти. Экс-президентке дагы так эле президенттикиндей кол тийбестик! Ошон үчүн алар “кем эмес” деп атайын белгилетишти. Тактап айтканда, экс-президенттин кол тийбестик укугу аракеттеги президенттикинен ашыкча болушу мүмкүн, асти кем эмес. Мына ошентип алар Конституциянын нормаларын чечмелеп, тактоодо жок жерден прецедент жаратышты. Баарыбызга жакшы белгилүү, президентти, сотторду жана башкы прокурорду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн атайын татаалдатылган эреже, норма каралган. Бул норма алардын мамлекеттик ишмердүүлүгүнүн көз карандысыздыгын камсыздоо үчүн киргизилген.

А Конституциялык сот болсо ушундайча чечим чыгарды: эми экс-судьяларды, экс-депутаттарды, экс-башкы прокурорлорду мурда кызматта турган учурунда жасаган мыйзамсыз иши үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу зарылдыгы туулса, ал үчүн кызматтагы судья, депутат, башкы прокурорго колдонула тургандай эле татаал процедураларды жасоого туура келет. Демек, Момбеков абсолюттук чындыкты айтып жатат.

Башкы прокурор дагы, судьялар дагы, президенттин аппаратынын юристтери дагы Конституциялык соттун чечимине маани беришкен эмес. Дагы канчалаган тажрыйбалуу юристтер жүрөт… Бирок бул проблемага жалгыз Рыскелди Момбековдун гана көзү жетти. Конституциялык соттун чечими менин көңүлүмө дагы анын билдирүүсүнөн кийин келди.

Анан калса, Конституциялык соттун чечимине катар эле Жогорку соттун дагы чечими бар. Ал чечим Жалал-Абад облустук сотунун экс-судьясына тийиштүү бир кылмыш ишинин жыйынтыгына карата чыгарылган. Облустук прокуратура экс-судьянын үстүнөн кылмыш ишин козгойт. Бирок Башкы прокуратура ал кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деп тапкандыктан, экс-судьянын адвокаттары жогору турган инстанцияга кайрылат; Жыйынтыгында Жогорку сот “облустук прокуратура кылмыш ишти мыйзамсыз козгогон, экс-судья атайын татаалдантылган процедура менен гана кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек” деген чечим чыгарат. Мындан тышкары, экс-судьяларга байланыштуу Конституциялык соттун дагы бир чечими бар. Төрт экс-судья Конституциялык палатага арыз менен кайрылып, анын чечимин алып, анан ошол чечимге таянып бардык соттук инстанцияларда утуп чыгышкан.

Азыр бул жаатта Кыргызстанда үч прецедент, үч чечим бар. Конституциялык сот экс-президенттин жана экс-судьялардын кол тийбестик маселесине байланыштуу, а Жогорку сот экс-судьяларга байланыштуу чечим чыгарган. Мыйзам экс-депутат менен экс-башкы прокурорго карата деле экс-депутат, экс-судьяларга тийиштүү логика менен ошол тартипте колдонулушу керек. Ошондуктан экс-башкы прокурор Аида Салянованы кылмыш жоопкерчилигине тартууга жасалган аракет Конституцияга дагы, соттук практикага дагы карама-каршы келгендиги айдан ачык болуп турат.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *