Текебаевдин кайсы мүлктөрү конфискацияланат?

AKИpress агенттиги Өмүрбек Текебаевдин конфискациялана турган мүлктөрүнүн тизмесин, анын мүлкүн камакка алуу тууралуу2017-жылдын 15-мартында чыгарылган токтомдун негизинде жарыялады.

Тизме:

– Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жараке айылынын Ж.Үсөнов көчөсүндөгү №30 даректе жайгашкан жер тилке Ө.Текебаевге катталган;

– Бишкек шаарынын Ж.Бөкөнбаев көчөсүндөгү№111 үйдөгү 24-батир, жубайы Айгүл Текебаевага катталган;

– Бишкек шаарынын Ж.Бөкөнбаев көчөсүндөгү №111 үйдөгү №12 унаалар токтоочу жай жубайы Айгүл Текебаевага катталган;

– Бишкек шаарынын Баетов көчөсүндө жайгашкан №74 үйдөгү 19-батир жубайына катталган;

– Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүндө №402 даректе жайгашкан турак жай эмес имарат
жана жер тилке жубайына катталган;

– Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Орто-Сай айылынын Балык-Кумар көчөсүнүн №46 дарегиндеги жер тилке жубайына катталган;

– Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Арал айылында Чычкан көчөсүндө жайгашкан турак жай эмес имарат жана жер тилке жубайына катталган;

– 1995-жылы чыгарылган «ГАЗ-31029» үлгүсүндөгү унаа, Ө.Текебаевге катталган;

– 2005-жылы чыгарылган «Тойота РАВ4» үлгүсүндөгү унаа жубайына катталган.

Ошондой эле 2006-жылы чыгарылган “Toyota 4Ranner” үлгүсүндөгү унааны камакка алуу тууралуу токтом бар.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *