Телефон уурдаган 59 жаштагы киши кармалды

Чүйдө уурулукка шектелип 59 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы бүгүн, 28-январда билдирди.

Алардын маалыматына караганда, былтыр, декабрда Токмок шаарынын тургуну милицияга кайрылып, коомдук транспорттон телефонун уурдатып алганын айтып, таап берүүнү суранган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган. Ага шектелип мурда соттолуп чыккан 59 жаштагы Д.Ж. аттуу адам кармалган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *