Темир Сариев: “Фарид Ниязов жана Икрам Илмияновдордун мыйзам бузуулары боюнча биздин колубузда азыр далилденген фактылар бар”

“Ак шумкар” партиясынан КР президенттигине талапкер Темир Сариев КСДП партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязов, Икрам Илмиянов жана талапкер өзү Сооронбай Жээнбековдор КРнын мыйзамдарын одоно бузуп жатышкандарын күн сайын байма-бай кайталап, коомчулукка жар салып келет. Бирок бийликтин аны уга турган түрү жок:

“Талапкерлердин мыйзам бузуулары боюнча биздин арызыбызды БШК сөзсүз карап чыгышы керек. Анткени, Фарид Ниязов жана Икрам Илмияновдор иш учурунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп жатат. Бул жолугушуулар премьер Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өткөн.

Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзам боюнча мамлекеттик кызматтагы адамдардын ар кандай үгүттөө иштерине катышуусуна тыюу салынган.

Биздин колубузда азыр далилденген фактылар бар. Мисалы, 2017-жылдын 21-июлунда “Форум” имаратында Нарын облусунун депутаттары, чиновниктери жана ишкерлери менен жолугушуу өткөн. 7-10 адамдан турган кичине топтор менен кеңешмелер болгон. Бир топ жолугушууга кирип кетет, кийинкилери күтүп турат. Жогоруда айтылгандай эле, Фарид Ниязов, Икрам Илмиянов жана Сооронбай Жээнбеков да катышкан.

3-августта Ысык-Көл облусунун губернатору, райондук администрациялардын жетекчилерин, акимдери, 4-августта Чүй облусунун өкүлдөрү ушундай кеңешме-жолугушууга чакырылган.

Бул кызматтык абалын колдонуу дегендик. Жолугушуулардын баары мамлекеттик кызматкерлердин катышуусу менен иш убактысында өткөрүлгөн.”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *