Темирлан Ормуков, көзү азиз акын: “Баары бир акталып чыгам, өлбөгөн жерде калам”

Атамбаевдин бийлигин тынбай сындаган көзү азиз акын Темирлан Ормуковго карата козголгон кылмыш иши токтотулду. 7-февралда Октябрь райондук соту акын Темирлан Ормуковго карата козголгон кылмыш ишин кыскартты. Буга депутат Дастан Бекешовдун жазган арызын кайтарып алганы себеп болгон. Бирок, акын соттун чечими саясый кадам деген пикирде. Ал бул иш боюнча шаардык сотко даттанууга камынып жатканын билдирди.

– Темирлан мырза, сизге карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бирок, «өкмөттү кошо сотко берем» деп эмнеге нааразы болуп жатасыз?

– Кылмыш иши 7-февралда токтотулду. Дастан Бекешов өз арызын алып, «мен айыптоону колдобойм» деди. Ошол себептен иш токтотулду. Муну Октябрь райсотунун судьясы Сариев токтотту. Албетте, мен бул иштин токтотулушуна каршымын. Себеби, мындай жол менен токтотулганда, мен кылмыш жоопкерчилигине тартылган адам катары кала берет экенмин. Сот жообуна тартылбасам да, иштин токтотулушу мени актабайт экен. Ошол себептен нааразы болуп, ишти аягына чыгарууга бел байладым. Мунун башка себеби да бар. Мен жети бир тууганмын. Апам «Баатыр эне» наамын мага иш козголгондон бери ала албай жүрөт. ИИМден маалымат алайын деп барсам, «кылмыш жообуна тартылган» деп беребиз» дешти. Ал кагаз менен да «Баатыр эне» наамы берилбейт экен. Экинчиден, Дастан Бекешов арызын эч качан алмак эмес. Муну судьяар ич ара кеңешип, анан ушундай чечимге келишти. Негизи эле мага кылмыш иши мыйзамсыз козголгон. Мен баары бир акталмакмын. Акталып чыгам, буюрса. Мен акталганда судьялар, прокурорлор жоопко тартылышат. Ошону сактап калыш үчүн мага карата козголгон ишти токтотушту.

– Дастан Бекешов сизди үй чыры боюнча сотко берген да?..

– «Азиздер жана дүлөйлөр» коомундагы иштер боюнча сотко берген. Ал эми Атамбаевди сындаган ырым боюнча экспертиза дайындап, «Таластын эли менен Нарындын элин Атамбаевге карата тукуруу фактысы бар» деп жыйынтыгын чыгарышкан. Анан иш козголдубу-жокпу билбейм. Мага жообун берише элек. «Атамбаев да жооп берсин, анын сөзүн да экспертизадан өткөргүлө» деп кайрылгам анын да жообун ала элекмин.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *