Темирлан Сманбеков, Кыргыз Эл артисти, Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз мамлекеттик драма театрынын директору: «Театрдын айланасында турган кафелердин баарын алдырдык»

— Темирлан мырза, сиз жетектеп жаткан театрдын учурдагы акыбалы кандай?

— Учурда театрдын абалын айтсам ар ким ар кандай кабыл алат. Мактанып жатат деп да чыгышы мүмкүн. Театрдын чыныгы абалын көргүсү келген адамдар келип, спектаклдерди көрүп, пикирлерин айтышса жакшы болмок. Азыр дүйнөлүк аренага чыгуу максатында баардык элчиликтер менен сүйлөшүп жатабыз. Эки жылдан бери классикалык элге жага турган сонун, деңгээли бийик спекталдерди коюп жатабыз. Бактыгүл Чотурова жазган “Томирис” спектаклин койдук эле көрүүчүлөр кезекте туруп, билет табылбай жатат. Театрдын айланасына кара көң төктүрүп, кереги жок нерселердин баарын жашылдандырып жатабыз. Театрдын айланасында турган кафелердин баарын алдырып салдым. Анткени кафе болгон жерде булганч болуп кетет экен. Театдын тегереги ар кандай адамдардын таштанды таштоочу жайы эмес, гүлбакчага айланып туруусу зарыл. Ошол себептен театрдын тегерегин гүл бакчага айландырып жатабыз. Театрга адамдар келгенде гүлбакчага келгендей болуусу зарыл. Кудай буйруса коллективде дагы ынтымак жакшы. Мен чоң мамлекеттер менен иштеп жатам. Индия менен иштешип “Махабхара” спектаклин койдук. Муну менен жакында Индияга барабыз. Британиядан атактуу “Глобус” театрынын атактуу башчысы келе жатат. Ал спектакль эки тилде коюлат. Ошол эле спектакль эмдиги жылы Лондондо өтө турган фестивалга катышат. Иран элчилиги менен сүйлөштүк. Алар «Шахнаме», «Үрүстөм менен Сухрабды» койдурганы жатат. Аны кыргыздрам теарында койдук, кайра аны Иранга дагы коёбуз. ТҮРКСОЙдун башкы директору өзү келип жалпы түрк элине тийешелүү “Коркут ата” спектаклин коюп, абдан деңгээли бийик чыкты. “Коркут ата” спектакли менен Түркстанга кетип жатабыз, май айында беш шаарына гастрол жасайбыз.

–28-марттагы 90 жылдыкка даярдыктар болуп жатабы?

–28-мартта театрдын 90 жылдыгы болуп жатат. Биз буга каттуу даярданып жатабыз. Биздин театрда не деген гана корифейлер иштеген эмес. Ошол корифейлердин не деген гана ыйык касиеттүү аманатын жоготуп албас үчүн ошол деңгээлде иш чараларды өткөрүүгө аракет кылып жатабыз. Алардын деңгээлин түшүрүп, жаман атты кылганга акыбыз жок. Учурда баардык жамаатыбыз менен ушул ишти аркалап жатабыз, мындай даталуу күндү жакшы өткөрүшүбүз керек. Азыр Бактыгүл Чотурова эжебиздин Шанель айым деген спектаклдин үстүнөн иштеп жатышат. Азыркы күндө эң негизгиси театрдагы абалы жакшы. Кудайга шүгүр баары ынтымакка келди. Аксакалдар менен жаштардын ортосунда тыгыз байланыш бар. Мындан сырткары ар бир актёр, актриса роль ойноп жатышат. Мурда бошчулуктан, бекерчиликтен нааразычылыктар бар болчу. Азыр андай жок. Кайсы жерде иш болсо ийгиликтер болбой койбойт. Жылуулук системасын оңдоткону жатабыз, буга министрибиз дагы аракет кылып акча бөлдүргөнү жатат. Эң башкысы чыгармачылык жактан жаман эмес. Өкмөттөн жардамдар келе баштады. Тарых, маданият жылына карата көп иш чаралар болуп жатат. Өткөндө көп адамдар спектаклдерди көрүү максатында келишип, улуттук театрдын затына жараша аты келип калды деп айтышты.

— “Томирис” спектаклине эл келип жатабы?

— Келгенди айтасың, билеттер тартыш араң алып жатышат. Көргөн адамдар болсо жарым саат кол чаап, ыйлап чыгып атышат. “Көздөн учкан Ата-Журт”, “Саманчынын жолу” спектаклинде дагы ушундай кол чабуулар, аншлаг болууда. Баарынан дагы жаштардын келгенин көрсөңөр таң каласыңар, акыркы убактарда театрга агылып жаткандар көп.

— Спектаклдерди го коюп жатыпсыздар, артисттердин  жарыбаган айлыгы эмне болуп жатат?

— Ооба, бул көйгөйлүү. Бирок азыр муну көтөргөнгө аракет кылып жатабыз. Жашай турган жеринен бери аракет кылып маселе чечүүнүн үстүндө аракет кылышууда. Акыркы убактарда эл бутуна туруп, мал күтүп, үй салып өлкө улам өсүү жасаган сайын унутулуп калган искуствого көңүл бура башташты. Ырахмат айтышы керек. Азыр болсо артисттердин батиринин маселесин чечели, айлыктарын берели деп жаткандары мени кубандырат. Баардык жакшылыктарыбыз алдыда дей туралы.

— Президент сыйлык тапшырып жатканда бакыйган театр тармагынан эки гана адамдын сыйлык алганы сизди өкүндүргөн жокпу? Же сунуш кылган жок белеңиздер?

— Албетте өкүндүрөт. Жумагүл Жумалиева менен Эгемберди Бекболиев Кыргыз Эл артисттери деген наам алышты. Акындар, ырчылар, манасчылар көбүрөөк алышканын уктук. Театрга келген жогорку жактагы адамдар аз болуп ырчыларга, шоумендерге жакын болуп жатышат. Бул боюнча Түгөлбай Токтогулович менен ачык сүйлөштүк. Бизде 28-март бүткүл дүйнөлүк театрлардын Эл аралык күнү. Маданият, эгемендик күнүнө кошпой, өзүнчө ушул күнү театр ишмерлери сыйлансын деген мыйзамды киргизип койгула деп аракет кылып жатабыз. Эгер ушул маселе чечилип кала турган болсо театр ишмерлери дагы өз сыйлыктарын татыктуу ала башташат.

— Быйыл канча кишини сыйлыкка сунуш кылгансыз?

— Жалпысынан жети кишини: Шайгүл Алсейитова, Калича Сейдалиева, Сайра Мырзалиева, Азиз Мурадиллаев, Айсалкын Кыйыкбаева, Айсалкын Осмоновалар кеткен. Мындан сырткары башкасын айтпайлы Бусурманкул Одуракаев жада калса эмгек сиңирген артистин ала элек. Шайыр Касмалиева, Марат Козукеев дагы эмгек сиңирген артисти деген наамы бойдон жүрүшөт. Алганга татыктуу болуп калганы менен, сыйлыктарга татыктуу болгону менен 5 жыл мароторий жарыялап койгон болчу. Анын азабынан сыйлык алчулар жыйылып калды, эми аларды тезинен бериши керек.

— Драматургдар менен иштешүү жагы колго алынганбы?

— Азыр биз дал ушул драматургдар менен иш алып баруудабыз. Башка майда-чүйдө драмалар абдан көп. Бирок биз тескерисинче элдин жан дүйнөсүн козгой турган, адамдарды ойго салчу, жаштарды боорукерликке, адамдык улуу касиетке бура турган драмаларды жаратышыбыз керек. Учурда улам жаңы драматургдардын эмгеги менен таанышып, көркөм кеңеш кабыл алып аракет кылып жатабыз.

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *