Темирлан Сманбеков Жаш көрүүчүлөр театрына, Жолдошбек Аманкулов Нарын облустук драма театрына директор болуп дайындалды

Нарын облусундагы академиялык драм театрдын директору жана Жаш көрүүчүлөр театрынын директору которуу жолу менен дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругуна ылайык, Нарын облустук М. Рыскулов атындагы академиялык драма театрынын директору Сманбеков Темирлан Камашович Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директорлугуна, ал эми, Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директору  Аманкулов Жолдошбек Жанжигитович Нарын облустук М. Рыскулов атындагы академиялык драма театрынын директорлугуна которуу жолу менен дайындалды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *