Теңиз Төлөмүшов: “Бекназаров, Каптагаев, Дүйшөбаев сыяктуу Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн бирөөдөн отчет сураганга моралдык укугу жок, алар – банкрот болгондор”

“24-ноябрь күнү 2010-жылдагы Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Бекназаров, Каптагаев жана Дүйшөбаев баш болгон саясый “банкроттор” Бишкекте Курултай өткөрүп, президент Сооронбай Жээнбековдун 1 жылдык президенттигинин отчетун сурашат имиш. Буларга андай укукту ким берди экен? Акыркы 8 жылдагы Кыргызстандын кыйрашына Атамбаев менен бирге мына ушул Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өздөрү да жооп бериши керек да. Жаштары болсо эбак 60тан ашкан, булар качан токтолушат?”, – деп билдирди бүгүн, 21-ноябрда Кyrgyztoday.кg маалымат агенттигине телефон чалган Кемин райондук Аксакалдар кеңешинин төрагасы Теңиз Төлөмүшов.

“Улам революция кылышат, улам кызматка олтурушат, улам мамлекетти сызга олтургузушуп, анан “жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей, кайра эле жулунуп чыгышат. 2010-жылы революция кылып, бийликти алып, кызматтарга туруп, бирок элге бир жакшылык жасай албаган, жаңы мамлекет куралбаган, экономиканы көтөрө албаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү баары саясый аренадан кетишсин. Эми чылбырды жаштар өздөрү алышсын. Тиги Бекназаров дегени “Атамбаев менен Жээнбековду жараштырабыз” дейт. Демек бул Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Жээнбеков менен Атамбаев тиреши күч алып кетсе, президент Атамбаевди камап салса, прецедент түзүлүп, “оюндан от чыгат” дегендей баарыбыз камалып кетишибиз мүмкүн” деп чочулап жатышат. Булар элди, мамлекетти ойлошпойт, өз керт баштарынын кызыкчылыгын гана ойлогон кара мүртөздөр. Бул акмакчылык. Андай кыйын экен, эмнеге өз убагында Атамбаевдин президенттигинин 1 жылдык отчетун сурашкан жок?  Эмнеге 2 же 3 жылдыктарына отчет сурашпады, неге 6 жылдыгына отчет талап кылышпады? Мен ойлойм, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн биринин да мындайга моралдык укугу жок. Учурунда биз аларга ишенип, катуу колдоп бердик, бирок 8 жылда Кыргызстандын сырткы карызы эки эсе өсүп, электрэнергияга болгон баа Бакиев айткандан да бир нече эсеге көтөрүлүп, экономикабыз очойду. Булардын куру сөзүнөн башка колунан балээ да келбейт экен”, – деди Теңиз Төлөмүшов.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *