Термоско көтөрүп келген сууга бети-колун жууган кытайлык студенттер

Айназик Сүйүналиева Кытайдагы “Нинся” университетинин студенти. Кыргызстанга кышкы каникулда келип, вирустун айынан кайра окуусуна кете албай калган. Коронавирус эртерээк токтоп, Кытайга кетүүнү тилек кылат.

Кытайда вирус жокто деле баары маскачан жүрүшөт. Маска кытайлар үчүн сөйкө тагынгандай эле бир аксессуар. Вирус тараганын уккандан кийин деле ал жакта маска тагынган жокмун. Азыр бул жакта Кыргызстанда көп тагынып жүрөм,” деген Айназик Сүйүналиева Кытайдагы кызыктар жөнүндө маек курду.

-Кытайда жашоо, окуу кандай? Бизден эмнеси менен айырмаланып турат?

-Негизи эле Кытайда окуган чет жердик студент үчүн Кытай элинин тамак-ашына, аба ырайына көнүү бир аз кыйын. Анткени, Кытай эли ачуу тамактарга жакын келет. Аба ырайы да бир башкача. Бат эле өзгөрүп турат. Ар кайсы шаарында ар башка. Мен үчүн дагы бир көйгөй – бул таза суунун жоктугу болду. Анткени крандан аккан суу таза эмес. Сууну сатып ичебиз. 100 сомго 10 литр суу келет.

Ал эми, окууда албетте кыйынчылыктар болот. Башында түшүнбөйсүң, кыйналасың. Кытайда мектептен баштап, университетти бүткөнгө чейин жатаканада жашоо эрежеси бар. Алыскы айыл аймагындагы айрым мектептердеги окуучулар гана үйлөрүндө жашайт. Ошондуктан, алар үй иштерин билишпейт. Мисалы, кыздары кадимки үй жыйнаганды билбейт. 1-класстан 11-класска чейин окуучуларга телефон колдонууга тыюу салынган. Үйлөрүнө ишемби, жекшемби күндөрү гана суранып кете алышат.

-Чет өлкөдөн келип окуган студенттер кандай шартта жашап, билим алышат?

-Университеттин кампусунда чет жердик студенттер жатаканасы менен жергиликтүү кытай студенттеринин жатаканасынын шарттарында айырма бар. Мисалы, менин бөлмөмдө холодильник, жуунучу жай, ж.б. бардык шарттар бар. Ал эми кытай студенттерде андай эмес. Алар жууну үчүн атайы мончого акча төлөп барышчу. Бөлмөсүндө суу жок. Жаңы барганымда таң калганым жергиликтүү студенттер таң эрте сабакка баратып колдорундагы өз аттары жазылган термосту бир бөлмөгө таштап чыгушчу. Көрсө, ал бөлмө суу кайнаткан жай экен. Сабактан чыгып келатып ал термосторун ала келишчү. Ошол көтөрүп келген сууларына колу-бетин жуушчу экен. Ошондой шартка карабай билим алууга аябай умтулушат. Китепканаларда бош орун таппай кыйналабыз. Паркта, көчөдө, ал эле эмес тепкичтерде отуруп китеп окушат. Алар үчүн маанилүүсү китеп окуганга жарык болсо болгону.

-Европалыктар, түрктөр бизди жапондорго, кытайларга окшоштуруп, “азиат” деп коюшат эмеспи. Кытайлык досторуң сени өздөрүнө окшоштурабы?

-Ооба. Мени ал жакта эч ким кыргыз деп ойлобойт. Өздөрүнө окшоштурушат. Мугалимдер деле кытай деп эле кабыл алып, суроосун берип сабагын өтө берет. Быйыл кышында экзамен тапшырып, рефератымды агайга берсем атымды окуп алып чочуп кетти. “Бизден эч айырмаланбайт экенсиң, көзүңдөн башкасы биздики экен”- деп күлдү.

-Кытайга кантип тапшырып калдың? Кичинеңде кайда окусам деп кыялданчу элең?

– Мурун мен баардык кыялкеч инсандардай эле Англияга баргым келчү. Мектепте англис тили сабагы учурунда, эжейимдин окуучусу класска кирип керип, мугалими менен коштошуп, Кытайга окууга кетип баратканын айтты. Менин кызыгып, суктанганымды байкап, эжейим “сен да барсаң болот” деген эле. Акырындан интернеттен маалымат чогултуп баштадым. Кытайдын экономикалык өнүгүүсү өтө тез темпте жүрүп жатат. Окуу системасы дагы жакты. Кытайда окууга аябай кызыгып, чоң максат койдум. Эсимде, 2016-жылы Кадыр түн күнү ушунчалык жалынып, жалбарып, “Кытайга окууга кетсем экен” деп ыйлагам. Буйрук экен, тилегим кабыл болуп, конкурс аркылуу окууга өтүп кеттим.

-Демек, кыялдансаң, максат койсоң ал орундалат экен да. Дагы кандай максаттарың бар?

-Максатка йгиликке жетүү үчүн сөзсүз түрдө биринчи кыялдануу керек экен. Андан кийин аракет менен, Аллахтын буйругу болсо тилектер сөзсүз орундалат. Учурда саясат жана укук факультетинин юриспруденция бөлүмүндө окуп жатам. Келечекте дагы тереңдетип билим алгым келет, өзүмдү өнүктүрүп өлкөмө пайдамды тийгизсем дейм.

-Кытайдан чыккан коронавирус илдети жөнүндө алгач кайдан, качан уктуң?

-Ухандагы вирус жөнүндө 5-6-январда уктук. Кыргызстанга каникулга келгенге даярданып, көп деле элес алган эмесмин. Бул бир товар, бизнес үчүн жайылган илдет болсо керек дедим. Бирок, баары бир коркуу болду. Ухань шаарында иштеген, окуган кыргыз дос, байке, эжелерибизди ойлондук. Кийин алар элчилик аркылуу алынып келинди. Кытайда вирус жокто деле баары маскачан жүрүшөт. Маска кытайлар үчүн сөйкө тагынгандай эле бир аксессуар. Вирус тараганын уккандан кийин деле ал жакта маска тагынган жокмун. Азыр бул жакта Кыргызстанда көп тагынып жүрөм.

-Вирус Кытайда эмнени өзгөрттү, студенттерге тийгизген таасири кандай болду?

-Вирустун кесепети окуума да тийип, каникулга келген боюнча кете албай калдым. Бирок бул да бир жакшылыкка деп жорудум. Учурда окуумду онлайн окуп, улантып жатам. Бизге салыштырмалуу Кытайда завод, фабрика, бийик имараттар бир жарым айда эле салынып бүтөт. Ал эми, азыр кырдаалга байланыштуу оорукана, маска чыгарчу заводдор 1-2 жумада эле курулуп бүтүп жатат. Биздин университетте мурун онлайн окуу программасы жок болчу. Бул система 2 жума ичинде иштелип чыгып, азыр Кытайдагы бардык университеттерде сабактар онлайн өтүлүп жатат. Убакытта 2 саат айырма болгондуктан 7де башталчу сабакты саат 5те туруп угуп атам. Бул система аябай ыңгайлуу. Сабак угуп отуруп эле башка жумуштарды бүтүрө берсе болот. Бирок, аудиторияда отуруп сабак окуганга жетпейт. Мугалимдерибиз да “Силердин жүзүңөрдү, түшүнгөнүңөрдү көрүп, сезе албай жатабыз,” деп айтып калышат. Мекенине кетпей, кампуста калган студенттер буйрутма менен тамак-аш алдыртып, бөлмөлөрүнөн чыкпай отурушат.

-Азыр Кыргызстанда адамдар менен таанышып сүйлөшүп калганыңда, кандай реакция кылышат, эмнени кызыгып сурашат?

-Көчөдөн, коомдук транспортто маска тагынып алсам, “бизге качан жугат?”, “сен коронавируссуңбу?” деп тамашалай беришет. Кытайда окуурумду укканда эң биринчи берген суроолору “ Кытайдын кайсы жеринде окуйсуң, Ухань шарынан эмессиңби?” дешет. Ар ким ар кандай. Такталбаган, туура эмес маалыматтарын деле айта беришет.

-Сен жашаган шаар кандай шаар, Ухандан канча аралык алыста?

– Нанкин шаары Кытай мамлекетинин чыгыш тарабынан орун алган. Өнүккөн, кооз шаарлардын бири. Хубей провинциясынын борбору Ухань шаарынан 400 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

 Аткарган: Токтокан Кушубек кызы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *