Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Тилек Матраимов 1 айга камакка алынды
Криминалдык хроника жана окуялар

Тилек Матраимов 1 айга камакка алынды

Ош шаардык соту 9-октябрда Тилек Матраимовго карата баш коргоо чарасын тандады. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматтар боюнча, ал бир айга, башкача айтканда, 2020-жылдын 9-ноябрына чейин УКМКнын Ош облусундагы убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Белгилей кетсек, Тилек Матраимов 7-октябрда чек арадан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Ал кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүп жатканда (дарыя аркылуу) Өзбекстандын чек арачылары тарабынан кармалган.

Т.Матраимов 6-октябрга чейин Ош облусунун Кара-Суу районунун акими кызматын ээлеп келген.

УКМК: Райымбек Матраимов күбө катары суракка чакырылды

Фото – Алмаз Атамбаевдин өзүнүн ок атууучу 11 куралы болгон, андан сырткары УКМКнын жоокерлеринен 7 курал тартып алышкан

Ноокенде “Кыргызнефтегаздан” 30 тонна чийки мунайды уурдоого шектелген 2 жаран үй камагына чыгарылды, бири прокурордун иниси экен