Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Тилек Матраимов 1 айга камакка алынды
Криминалдык хроника жана окуялар

Тилек Матраимов 1 айга камакка алынды

Ош шаардык соту 9-октябрда Тилек Матраимовго карата баш коргоо чарасын тандады. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматтар боюнча, ал бир айга, башкача айтканда, 2020-жылдын 9-ноябрына чейин УКМКнын Ош облусундагы убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Белгилей кетсек, Тилек Матраимов 7-октябрда чек арадан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Ал кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүп жатканда (дарыя аркылуу) Өзбекстандын чек арачылары тарабынан кармалган.

Т.Матраимов 6-октябрга чейин Ош облусунун Кара-Суу районунун акими кызматын ээлеп келген.

Январь айында эле 11 адам өрттөн каза тапты

Якутскидеги токойдон кыргыз жана тажик мигранттарынын сөөктөрү көмүлгөн уруксатсыз көрүстөн табылды

Якутияда зордуктоо үчүн айыпталган кыргызстандыктар соттолду