Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Тилек Токтогазиев: «Өкмөт үйүнүн эшигин Садыр Жапаровдун спортсмен балдары ачпай жатышат, ачпаса аларды сүрүп чыгарабыз»
Саясат

Тилек Токтогазиев: “Өкмөт үйүнүн эшигин Садыр Жапаровдун спортсмен балдары ачпай жатышат, ачпаса аларды сүрүп чыгарабыз”

Бүгүн, 7-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына жаштар люстрацияны талап кылган митинг өткөрүшүп, Садыр Жапаровдун премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалганын мыйзамсыз деп, жаштардын атынан Тилек Токтогазиевди өкмөт башчылыкка сунуш кылышты.

Митингчилер бул сунушту колдоп, Өкмөт үйүнө барышкан, бирок, өкмөт үйүнүн алдында турган Садыр Жапаровдун тарапташтары Тилек Токтогазиевди имаратка киргизбей коюшту.

Имаратка кире албай койгон Тилек Токтогазиев журналисттерге комментарий берип, жаштар аны премьер-министрликке кандидат катары көрсөтүп жатканын айтты.

Ал эски саясатчылардын бири да өкмөттө иштебей турганын, өлкөдөгү жаштар ошондой эле чет өлкөдө жүргөн кыргыздын билимдүү жаштарары тартылып, экономиканы “дүркүрөтүп” өнүктүрө тургандарын айтты.

Садыр Жапаров менен сүйлөшө алдыңарбы деген суроого Токтогазиев: “Өкмөт үйүнүн эшигин Садыр Жапаровдун спортсмен балдары ачпай жатышат. Азыр ачпаса аларды сүрүп чыгарабыз. Булар кимдер экен? Биз жаңылар келиши керек деп айтып жатабыз. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев – эски кишилер. Революцияны дайыма жаштар жасайт, аны “каракчылар” колдонуп кетип жатат. Биз ага жол бербейбиз” – деп жооп берди.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт