Тилек Токтогазиев: “Убакыт аз, мамлекет туңгуюкка кептелип барат”

Ишкерликти студент кезинен өздөштүрүп, 28 жашында өлкөдөгү эң ийгипиктүү, бай адамдардын катарын толуктаган десек да болот, Тилек Токтогазиев аттуу жигит өткөндө айыл чарба министрлигине талапкерлигин койгон. Анын кандидатурасын карапайым эл жактырганы менен бийлик бүл балага мүмкүнчүлүк берген жок. Эски системадан чыга албаган өкмөттүн дагы бир катасы эмнеге алып келээрин ишкердин өзүнөн сурадык.

– Тилек, министрликке талапкерлигиңди койгонго чейин өкмөткө бир топ даяр долбоорлорду киргизиптирсиң?

– Бир эмес, бир нече жолу баргам. Буга чейин министрликтин айрым адамдарына агропарк куралы, жүздөгөн гектарларга күнөскана жасайлы, эки миңден ашуун иш орундарды түзөлү деген сунуш менен киргем. Ал киши мени көлдүн Тамчы деген айылына жөнөттү, ал жактан бул долбоорду талкуулай турган бир адамга дайындап жиберди. Мен атайын бир күн убактымды бөлүп, айылга барып ал дайындаган кишиге чалсам телефону өчүк. Министрликте иштеген кишиге кайра чалсам албайт. Анан кечинде байланышсам “унутуп калыптырмын” дейт. Мына, айыл чарбанын жүзү! Андан кийин деле бир нече долбоорлорду алып бардым. Бири да кызыгып ишке ашырууга аракет кылышкан жок, Ушундан улам бул тармакка өзүм барып реформа киргизгим келди. Анткени менде каалоо дагы, мүмкүнчүлүк да бар болчу. Бирок биздеги бюракраттар өзүнөн акылдуу, ишкер адамдарды жолоткусу келбейт экен. Жылуу орунда иштебей эле айлык алып отургусу келет окшобойбу. Тилекке каршы ушундай көрүнүштөрдүн айынан өлкөбүздө жумушсуздук күн санап өсүп атат.

– Демек, биринчи орунда адамдарды иш менен камсыз кылмак экенсиң да?

– Ооба, себеби бүгүнкү күндө миллиондогон мигранттар чет жакта иштеп жүрөт. Өз алдынча иштеген адам бир жылы банкрот болот, үмүтүн үзбөй болгон акчасын экинчи жылы да жерге салып иштетет. Ал жыйынтык бербегенден кийин 3 жылы насыяга алып жер иштетип картошка эгет. Анысын мамлекет өткөрүп бербей, сызга отуруп калат да аягында насыяны жабыш үчүн чет жака иштегени кетип атат. Мунун кесепетинен жумушсуздук акыркы жылы 29 пайызга көбөйдү. Мындайча айтканда мурда 100 киши жумушу жок отурса, ага дагы 29 киши кошулду дегенди билдирет. Учурда 277 миң бала ата-энеси мигрант болуп, аларды сагынып жашап жатат. Мындай абал согуш учурунда да болгон эмес экен.

– Сени өкмөттөн кабыл алып атышты да. Кандай суроолор болуп, эмне жөнүндө сүйлөштүңөр?

– Мени өкмөттөн кабыл алганда кандай программаң бар, эмне иштерди кылайын деп атасың деп пландарымды талкуулап, сурайт го дегем. Бирок андай болгон жок. Кайсы окуу жайды бүттүң эле, канча жаштасың деген суроолорду берип атышты. Ошондо эле баарын түшүндүм.

– Европадан келген жаңы ыкмалар менен иштээриңди билебиз. Бул жаатта кандай өзгөрүүлөрдү киргизмексиң?

– Эгер ачыгын айтсам биз тээ илгерки кетмен, күрөктөн чыга албай атабыз. Азыр 1000 киши жасай турган жумушту бир эле техника менен жасап койсо болот. 50-жылдардагы билим менен өспөй турабыз. Учурда дрондун жардамы менен үрөн сепсе болот. Атайын жердин кыртышын сканер кылган техника бар. Ал техника жердин кайсы бөлүгүнө кандай жер-семирткич керек экенин так аныктап көрсөтүп берет. Ушул сыяктуу ыкмалар өтө көп. Америкада бул ыкманы 15 жылдан бери колдонуп келет. Баасы деле өтө кымбат эмес. Министрлик ошол техникаларды элге көрсөтүп, тааныштыруусу керек эле. Аба ырайына байланышкан сонун тиркемелер бар. Кайсы күнү үшүк жүрөт, алдын ала кандай аба ырайы күтүп тураарын так көрсөтө турган телефондогу тиркемелерди элге окутуп үйрөтүү керек болчу. Айтор бюджеттен акча коротпой деле айыл чарбанын деңгээлин көтөрсө болот. Азыр агроном болом деп окуп аткан студенттерди квотанын негизинде чет мамлекетке окутканы жөнөтүүгө баардык шарттар бар. Ошол шарттардын баарын максаттуу колдонсок студенттер “эшек такалап жүрбөй” мыкты кадр болуп чыкмак.

– Ушул идеяларыңды министрдин орун басары болуп барып деле ишке ашырсаң болот беле? Анткени сага министирликтин орун басарлыгын сунушташты окшойт.

– Эгер мен орун басар кызматына макулдугумду берсем, анда алардын эски системасын кабыл алдым дегенди түшүндүрмөк. Эгер министрликке мен сыйлаган, профессионал адам келсе ойлонбой туруп бармакмын. Орун басары эле эмес, катардагы кызматкер болуп пайдамды тийгизмекмин. А бирок Эркинбек Чодуев айыл чарба тармагында эч нерсе кылган жок да буга чейин. Ал кишини биз буга чейин форумдарга чакырып идеяларыбызды сунуштаганбыз. Баш ийкегенден бөлөк жооп берген жок, көздөрүнөн реформа жасайм деген каалону деле көргөн эмесмин. “Балык башынан сасыйт” болуп атат бул жагы. А мен андай “балыктын” колу-буту болгум келбейт. Орун басар 20 пайыз гана чечим кабыл алат. Мага болсо 100 пайыз эркиндик керек болчу. Мен так чечим кабыл алып, ошого жараша жоопкерчиликти да сезмекмин. Жарым жыл убакыт бергиле, эгер эч нерсе өзгөртө албасам кызматтан кетем, кааласаңар камап салгыла дедим. Бирок андай да мүмкүнчүлүк беришкен жок. Тескерисинче менин талапкерлигимди саясатташтырып, артында саясий күч турат дешти. Алтынбек Сулаймановдун тааныштары кылып чыгарышты. Бирок ал адамды мен көрүп, баарлашкан да эмесмин. 2026-жылы Кумтөр жабылат. Бюджетке бул чоң сокку, мындан тышкары чет өлкөлөрдөн алган насыяларды төлөп сызга бата турган учур да ушул жылдарга туура келет. Ошондо мамлекет алсыз болуп, туңгуюка кетүүсү мүмкүн. Кеч боло электе реформа киргизип, айыл чарбаны өстүрүү керек.

– Бадыраң өстүргөн бала кантип бүт айыл чарбаны алып кетсин деп чыгышты эле?

– Мен бир ишти баштадым ошону аягына чейин майын чыгара жасаганды жактырам. Бадыраң өстүрүп атып помидорго же кулпунайга өтүп кетпейм. Эгер мага бир адам күнөскананы, балык бакканды, мал чарбаны, бал тартууну бүт билем десе анда ага “популист адам экенсиң” демекмин. Анткени бүт тармакты беш колдой билген адам жок. Мен күнөскана тармагын мыкты билем. Ошол эле учурда мал-жанды, эскпортту, жер иштетүүнү, үрөн алып келүүнү мыкты билген, дасыккан адистерден турган командам бар. Ошолор менен бул тармака биргеликте реформа киргизмекмин.

– Өзүндүн дараметиңди көрсөтүп, ачуу сөздөрдү айтып чыктың. Бийлик тараптан кысым болгон жокпу?

– Ишканама 8 жылдан бери баш бакпаган салык кызматы азыркы тапта текшерүүлөрдү жүргүзүп атат. Бирок менин корко турган жайым жок. Себеби, мамлекеттен бир тыйын албай ишкерлик кылып келем.

Мээрим Исаева

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *