ТИМ: АКШнын Калифорния штатынын жээгинде карантинге кармалган «Grand Princess» круиздик кемедеги Кыргызстандык эки жарандан таажывирус табылган жок

Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилиги АКШнын Калифорния штатынын жээгинде карантинге кармалган «Grand Princess» круиздик кеменин бортунда жүргөн Кыргызстандын эки жараны менен 5-мартынан баштап тыгыз байланышта болгонун маалымдайт.

Айтылып кеткен кеме карантинге кармалгандан кийин, жүргүнчүлөр карантинди ары өтүү үчүн АКШнын Джорджия штатында жайгашкан карантиндик борборго көчүрүлгөн болчу.

Бир нече өткөрүлгөн тесттердин натыйжасында, карантиндик борбордун медициналык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандарында коронавирус инфекциясы жоктугун тастыкташты.

26-мартында Кыргызстандын эки жараны карантиндик борбордо карантинди сак-саламат өтүп үйлөрүнө кеткендиги билинди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *