ТИМ: Бүгүн Оренбургдагы кыргызстандыктардын бир бөлүгү чартердик рейс менен алынып келинет, калгандары автобустар менен келишет

Бүгүн, 20-майда Өкмөт тарабынан “Оренбург – Бишкек” аба каттамы боюнча чартердик рейс уюштурулду. Бул тууралуу Тышкы иштер минитсрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, бул рейс менен Россиянын Оренбург шаарынын Бузулук районундагы кыргыз жарандарынын бир бөлүгү, т.а. жаш балдар, аялдар, кош бойлуу аялдар, кары-картаңдар жана ден соолугу начар жарандар алынып келинет.

Ошондой эле, Оренбург облусундагы кыргызстандыктарды чыгарып кетүү максатында Казакстандын аймагында транзиттик коридор уюштуруу маселеси иштелип чыкты.

“Оренбург – Бишкек” чартердик каттамынын артынан эле кыргыз жарандарын мекенге кайтаруу үчүн автобустардан колонна уюштурулат” – деп айтылат маалыматта.

Чет өлкөдө жүргөн жарандар мекенине кайткандан кийин алгоритмге ылайык, обсервацияга жайгаштырылат.

ТИМ Россиядагы мекендештерди сабырдуулукка, кырдаалды туура түшүнүүгө, жүргөн өлкөнүн эрежелерин жана тартибин сактоого чакырат.

“Чек ара расмий түрдө ачылмайынча орус-казак чек арасынан өтпөөнү, жакындарыңыздын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирбөөнү, жүргөн өлкөнүн бийликтерин өзгөчө чара көрүүгө аргасыз кылбай, эмоцияларга алдырбоого, өз-өзүнчө иш-аракеттерди жасабоого жана авиа жана жүргүнчү ташыган билдирүүлөр кайра иштей баштаганга чейин коопсуз жайларда күтө туруңуздар” – деп ТИМ мекендештерге кайрылат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *