ТИМ: Оренбург облусунун Бузулук районундагы 448 кыргызстандык 9 автобус менен орус-казак чек арасынан өтүп, мекенге кайтып келе жатышат

Россиянын Оренбург облусунун Бузулук районунда жүргөн 448 кыргыз жараны орус-казак чек арасынан өтүп, Кыргызстанга келе жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, Россиянын жергиликтүү бийликтеринин жардамы менен кыргыз жарандарын Бузулук аймагынан орус-казак мамлекеттик чек арасындагы “Сагарчын” өткөрүү пунктуна жеткирүү маселеси иштелип чыккан.

ТИМдин маалыматы боюнча, 9 автобустан турган колонна Казакстандын жол полициясынын коштоосунда казак-кыргыз мамлекеттик чек арасына чейин келет.

Ошондой эле министрлик орус-казак мамлекеттик чек арасы дагы эле жабык экенин жана жарандарды Оренбургдун аймагына баруудан баш тартууну өтүнөт.

Белгилей кетсек, 20-майда Оренбургдан 164 жаран алынып келинген. Алардын бардыгы обсервацияларга жаткырылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *