Кеңешбек Дүйшөбаевге тизгинсиз суроо?

– Өз учурунда айтпасаң сөз атасы өлөт деп коёт. Кеңешбек мырза, өзүңүз “Азия ньюс” гезитине маек берип, анда “Мендеги соңку маалыматтарга караганда бийликтеги чоңдор тарабынан укук коргоо, күч органдарына Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө, алардын балдарына, туугандарына эмнеси болсо да материал таап, таба албаса провокация жолу менен болсо да таап, камап жоопко тартуу жөнүндө команда берилиптир” деп айтыптырсыз. Биз да Убактылуу бийликтин 4-5 адамын жакын арада камоо командасы берилди деп угуп жатабыз. Алардын арасында сизди да айтып жүрүшөт. Сиз берген маегиңизде эч нерседен корко турган жай жок дептирсиз. Бирок, сиз тууралуу көп сөздөр айтылып жүрбөйбү. Максим Бакиев 14 ок өтпөс кымбат баалуу машиналарды алып келип, колдонууга үлгүрбөй, төңкөрүштөн кийин өлкөдөн чыгып кетпедиби. Ошол 14 ок өтпөс машиналарды төңкөрүш учурунда ГКНБ басып түшүп, кийин алардын дайыны билинбей кетиптир. Маалыматтар боюнча сиз ГКНБнын жетекчиси болуп турганда кеңешчи кылып өзүңүздүн күйөө балаңызды кызматка алып, ошол аркылуу баасы жүз миң доллардан ашкан 14 ок өтпөстү өлкөдөн чыгарып пулдап жиберген экенсиз. Бул боюнча кылмыш иши да козголгону айтылып жүрөт. Ошол 14 ок өтпөс тууралуу элге качан агыңыздан жарыласыз? Мындан сырткары 800 миң доллар менен түрк ишкери колго түшкөн экен. Ал акча да сиз ГКНБны жетектеп турганда дайыны билинбей жоголуптур. Буга сиздин тийешеңиз жокпу?

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *