Тогуз-Тородо тоңуп каза болгон жарандын шериги изделүүдө

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тогуз-Торо райондук бөлүм башчысы берген маалыматына ыйлайык, 2016-жылдын 23-октябрында саат 17:00дөр  чамасында Казарман айылынын тургуну Кошой Молдобаевдын үйүндө курулуш иштерин жүргүзүп жаткан 1979-жылы туулган, Илхом жана 1976-жылыл туулган, Кадыр аттуу жарандар(фамилиялары белгисиз)мончого барабыз деп чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

2016-жылдын 24-октябрында саат 10:30да райондук акимдин биринчи орун басары А.Кодошовдунжетекчилигинде, КР ӨКМнин райондук кызматкерлери жана Жарандык коргонуу кызматынын кызматкерлери тез жардам УАЗ автоунаа жана 2 ат менен издөө иштеринде жүргүзүшкөн. 2016-жылдын 24-октябрында саат 13:20да Казарман-Жалал-Абад автоунаа жолунун 44-чакырымында Сары-Кыр ашуусунда 1979-жылы туулган Ильхом аттуу жарандын катуу сууктун кесепетинен тоңуп калган жансыз денесин табышып, райондук оорукананын сөөктөрдү кармоо бөлүмүнө өткөрүп беришкен.

Учурда 1976-жылы туулган Кадыр аттуу жаранды издөө иштери Сары-Кыр ашуусунда катуу шамал, бороон-чапкын болгондугуна байланыштуу убактылуу токтотулду.

Кошумча маалымат берилет.    

t1

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *