“Тогуздан кийинки эгиздер” даректүү тасмасы Түркия эл аралык кинофестивалында байгелүү орунга ээ болду

“Тогуздан кийинки эгиздер” даректүү тасмасы Стамбулда (Түркия) өткөн “Келечектеги коммуникаторлор” эл аралык кинофестивалында байгелүү орунга ээ болду.

Фильмдин автору жана режиссёру Лунара Жээнбекова, оператору – Хамир Сыдыгалиев, үн режиссёру – Марат Эргешов, монтажчысы – Марат Эргешов жана Лунара Жээнбекова.

Көркөм жетекчиси жана продюсери – Молдосейит Мамбетакунов.

Өндүрүү – КТУ “Манас”, 2020, 14 мүнөт, 12 секунд.

Тасма Кыргызстандын алыскы аймагындагы айылдагы чоң үй-бүлөнүн жашоосу жөнүндө баяндайт. Режиссер тоолорго суу алуу үчүн бир саатка кеткенде жана жакынкы шаарга автобус шейшембиде гана каттай турган шартта үй-бүлөлөрдүн күнүмдүк жашоосун көрсөтөт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *