Фото – Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын Борбордук опера театрынын чыгармачылык тобу келди

“Манас” Эл аралык аэропортуна Кытай Эл Республикасынынын Борбордук опера теарынын 100дөн ашык чыгармачылык тобу келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алар 11- 12- – июнь күндөрү А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында “Манас” операсын коюшмакчы. Буга чейин Кыргызстанга аталган театрдын техникалык тобу келип, учурда театрда операны коюу үчүн декорацияларды орнотуу, жарык берүү жана уюштуруу иштери жүрүп жатат.
Аба майдандан массалык малымат каражаттарынын өкүлдөрү жана кыргыздын улуттук кийимдерин кийген кыздар боорсок жана сары май менен тосту.

Келген чыгармачылык топтун арасында Манастын, Каныкейдин, Семетейдин жана Айчүрөктүн жана башка каармандардын образын жараткан актер- актрисалар да бар.
Манастын образын жараткан актер Юй Цзинжин: Манастын образын жаратуу, Кыргызстандын сахнасында аны көрсөтүү мен үчүн чоң жоопкерчилик. Мен бул үчүн Кыргызстандын тарыхын окуп, толук маалымат алдым. Абдан толкунданып турам, Кыргызстандык көрүүчүлөрдүн алдында, Манастын жеринде болуу мен үчүн чоң сыймык деп кошумчалады.

Эске салсак, “Манас” эпосун операда коюу демилгеси 2015-жылы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин катышуусунда өткөн маданият маселелери боюнча жыйында көтөрүлгөн.

“Манас” операсы Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде даярдалган. Сценарийи филология илимдеринин доктору, профессор, кытайлык кыргыз Адыл Жуматурдунун котормосундагы “Манас” эпосунун негизинде жазылган. Сценарийдин автору Кытайдагы биринчи даражадагы сценаристи Ван Сяолин.
Операны сахналаштырууга эки жыл даярдык көрүлүп, “Манас” эпосунун эпикалык табиятын таануу максатында Синьцзян Уйгур автономдук районунун Кызыл-Суу Кыргыз автономдук областына үч жолу барышкан. Алар кыргыздар жашаган аймактарды кыдырып, жашоо-турмушу менен таанышканадыгы белгилүү.

“Манас” операсы Кытайда 9 жолу коюлган. 2017-жылы Пекинде, 2018-жылы Нанкин, Тяньцзин шаарларында көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыган.
2018-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун КЭР расмий визитинин алкагында да “Манас” операсы көрсөтүлгөн.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *