Токмокто эл милицияга нараазы

Токмок милициясында абал жакшы эмес экен. Жергиликтүү тургундар милициянын ишине нааразы. Мурда Улан Байдалиевич шаар аралап эл менен кең-кесири аралашып, жакындан таанышып турчу эле.

Ошол себептүү милицияга болгон нааразычылык жок болсо керек. Улан мырза иштен алынаары менен элдин милицияга болгон нааразычылыгы да күч алганы эмнеси?

Анан калса Токмок милициясынын ички абалынын да аурасы жакшы эмес дешет. Ич-ара нааразылыктар күч алып барып токтоптур. Ми­лиция башчысы Максат Чойбеков томпоюп алып бир топ окшойт деп калдык. Кызмат адамды өзгөртөт деген ошо да. Болбосо буга чейин борсоюп эле тынч жүрчү эле, эч нерсесин билдирбей… айтор биздин журналисттер Токмок жергеси менен иш алып барууну улантмакчы. Улан мырзанын тушунда тыгыз байланышта иш алып барчу элек, ортодо пауза болуп калды окшойт. Эми милиция менен бирге иштөөнү колго алдык… Чуй мили­циясынын башчысы Батырканов деле көз салып койсо болмок экен.

 

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *