Токой чарбасында тамырлаган коррупцияны ким тыят?!

Тоо-кен компанияларынын ишин ийкемдетүү жана бул тармакка инвестиция тартуу максатында бир канча убакыт мурда баалуу дарактарды кыюуга уруксат берүү демилгеси көтөрүлгөн болчу. Ага ылайык “Кыргыз Республикасынын өзгөчө баалуу дарактардын түрлөрүн кыюунун эрежелерин бекитүү боюнча” мыйзам долбооруна өзгертүүлөрдү киргизүү сунушталган.

Кыргызстанда өзгөчө баалуу дарактарга мораторий жарыяланган. Бирок, өлкөнүн экономикасынын маанилүү стратегиялык обьектиси болуп тоо-кен тармагы саналгандыктан, инвестиция тартуу үчүн шарттарды түзүү зарылчылдыгы жаралган. Өкмөт өз кезегинде атайын мыйзам менен тоо-кен жаатынын ишкерлерине жол ачып берген.

Кыргызстанда баалуу дарактар мыйзам менен корголот. Акыркы жылдары кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, бир баалуу даракты кыйган тарап анын ордуна жүз көчөт отургузуп гана айыбын жууй алат. Ошондой эле баалуу дарактарды алып кетүү, экспорт, импорттоо, өндүрүшкө пайдаланууга да болбойт. Бирок, арча жана жаңгак дарактары курулуш, жардыруу иштери, кабелдер, труба өткөргүчтөр, транспорттук магистраль жана башка коммуникация жасала турган аймактарда өсүп калса, илимий жана геологиялык иликтөөлөр жүрүүчү жерлерде болсо, же ошол аймакта кен казынасы иштетилсе, дарактарды сактап калууга мүмкүн болбогон кырдаал жаралса, анда кыюуга уруксат берилет. Бул мыйзам кабыл алынып, күчүнө киргенин белгилеп коелу.

2017-жылы мораторийдин мөөнөтү соңуна чыккан. Андан улам 2030-жылга чейин кайрадан мораторийдин мөөнөтүн узартуу демилгеленген. Аны менен катар жогорудагы мыйзамга компенсация багытында өзгөртүү киргизилген. Аны да жогоруда айтып кеттик, бир дарактын ордуна так ошол түрүнөн жүз дарак тигилчү эреже. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, бир дарактын ордун жүздү тигүү техникалык жактан таптакыр мүмкүн эмес. Ага ылайык аянтты кайдан табат?

Айтылган жагдайдан улам КР Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги дарактарды кыюу эрежелерин камтыган өкмөт токтомунун долбоорун демилгелеп чыккан. Өзгөчө кымбат баалуу дарактарды кыюу эрежлери ошентип өкмөттүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №652 токтому менен бекитилген.

Бирок, токтом кабыл алынса да, токой чарба агенттиги аны аткарууну кечеңдетип жатат. Агенттик атасынан калган мурастан бетер мыйзамга эмес, жеке кызыкчылыгына таянган жетекчиликтин айынан канча деген ишкерлердин иши токтоп, тоскоолдук жаралууда. Тоо-кен тармагындагы ишкерлер кен казынасын пайдаланууга алынган аймактарды тазалоо иштерин тийиштүү мамлекеттик кызматтан расмий уруксат берилмейинче баштай алышпайт. Алар бул жаатта уруксат берүүгө ыйгарым укуктуу Токой чарба агенттигине кайрылышат, бирок, мыйзамдагы дал келбестиктер, тагыраак айтканда агенттик аракетин мыйзамга тууралагысы келбегени кырдаалды баш-аягы жок чынжырчага окшотуп койду.

Токой чарба ишкерлердин ишине кантип жолтоо болуп жатканын кеңири түшүндүрөлү.

Айлана-чөйрөгө зыян келтиргендерден түшкөн каражат туура бюджетке бараары да белгиленген. Ал эми компенсация, башкача айтканда кыйылган дарактын ордуна көчөт отургузуу иши менен аталган агенттик алектенет. Ошондой эле бул агенттик токой чарба, жаратылышты коргоо ишмердүүлүгү менен алектенген адистерден куралган комиссия түзө алат. Тоо-кен жаатындагы ишкер аймагын дарактардан тазалоо максатында комиссияга арыз жолдойт. Арызда дарактарды кыюуга уруксат суралып, уруксат алууну камсыздоочу тийиштүү документтер тиркелет. Мыйзамга ылайык, келип түшкөн арыздан комиссия 14 күндүн ичинде жыйынтык чыгарышы керек.

Баарынан кызыгы мына ушул жерде. Арыз жазган тарап арызга бир катар документтерди тиркеш керек. Ансыз арыз каралбайт. А бирок, ошол документтерди, анын ичинде участканы изилдөө актысынын бекитилген формасын Токой чарба өзү бекитиш керек. Иликтегенин иликтеп, баарын мыйзам чегинде ишке ашыруунун ордуна агенттик арыз жазган тарапты жогорудагы форма болбосо арыз каралбашын айтып, артка кайтарууда. Арыз ээлери форманы агенттик өзү бекитип бербесе, асмандан таап келишеби, аны ойлогон жан жок. Албетте, бири экинчисине көз каранды болуп, тегеренген кырдаалдан чыгууну өздөрү баштай алаарын билбегендей Токой чарбада жалаң эле мээси иштебегендер отурбаган чыгаар. Алар деле арыз ээлерин куру бекер артка кайтарып, алардын укугунда жок нерсени талап кылып жатышканын билишет. Бирок, канга сиңген бюрократия дагы да өз ишин кылууда. Качан эле биздин маморгандар, айрыкча коррупцияга алкымынан малынган айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба Мамлекеттик агенттиги кайсы бир маселени жеңил-желпи бүтүрүп берчү эле. Нечен жылдан бери жедеп адатка айланган “атаңа бар, апаңа бар” ыкмасын колдонушпаса баштары ооруп калышаар. Бюрократ жетекчилик бар кезде ишкерлердин жүгүн жеңилдеткен мыйзамдын кабыл алынганы деле кеп эмес тура.

Арча дарактары көбүнчө көмүр кени катылган жайлардын үстүндө өсүшөт. Мындай учурда ошол аймактан кен казууну баштоого шымаланган ишкана биринчи кезекте тазалап, дарактарды кыюу ишин аткарышат. Жол куруу иштеринде да ушул маселе бар, жолду түптөөдө дарактарды кыйуга туура келет. Өндүрүш аймагындагы дарактарды кыюу түйшүгү ушул азыр көптөгөн өнөр жай ишканаларынын алдында турат. Мына ушул себептерден улам ишкерлер чөйрөсү жогорудагы мыйзамдын кабыл алынып, андан кийин күчүнө киришин зарыгып күтүшкөн. Өтө керектүү документ 2015-жылы иштелип чыкканда өндүрүшчүлөр тонна жүктү үстүлөрүнөн алгансып жеңилдешкен. Алар “Токой чарба агенттиги мыйзамдын жетегинде гана болот” деп жаңылыш ишенип алышканын кийинчерээк гана билишти. Анткени, арадан канча жыл өтсө да, мыйзам күчүнө эчак кирсе да, ушул убакка чейин комиссия түзүлө элек, агенттикке бир дагы арыз келе элек. Бул өндүрүшчүлөрдүн маселеси калбай калганын билдирбейт, ичинен күчөп, өсүп-өөрчүп жатса да, тийиштүү мамкызматка жеткирүү азаптын азабына айланганын айгинелейт. Мамкызмат өлкөнүн экономикасына салым кошчу тармакка кайдыгер мамиле жасап, кызматтык милдетин аткарууга каалоосу жок, андан көрө убактысын пайдасыз кат алмашууларга короткону жакшы. Кызыгы, баалуу дарактарды зарыл учурда кыюуга уруксат берүү демилгеси агенттик тарабынан көтөрүлгөнүн жогоруда белгиледик. Анда эмнеге өздөрү көтөрүп, ишке ашырган демилгени эмнеге аткарууга моюн толгошуп жатышат деген калыс суроо жаралат. Жообу да жөнөкөй – алар бул ишти инвесторлорго жеңилдик түзүп, өлкөнүн экономикасынын алдыга жылышын шарттоо үчүн жасашпады. Алар бекитилчү форма аркылуу акча жасоону көздөп, ансыз да коррупцияга салынган агенттикти биротоло акча табуунун булагына айлантып алууну көздөшкөн. Мындай жыйынтык чыгарууга агенттиктин иш-аракеттери себеп болуп жатпайбы.

Токой чарба агенттиги Кыргызстандагы эң бир коррупцияланышкан тармак экени жашыруун эмес. Бул жерде элге
кызмат кылуу үчүн эмес, өз чөнтөгүн кампайтып, кызыкчылыгын ишке ашырууну каалагандар топтолушкан. Аны ар кандай себептер менен агенттикке иши түшкөндөрдүн баары айтып келатышат. Мыйзамга таянып иштөө аларга пайдасыз, анткени так жазылганды так аткаруу сол чөнтөктү толтурбайт эмеспи. Өндүрүшчүлөргө дарактарды кыюуга уруксат мыйзамда берилгени менен агенттиктин алкымы араандай ачылган жетекчилигин “ыраазы” кылмайын өздөрү берчү участканы изилдөө актысынын бекитилген формасын талап кылышып, каалагандай ойноп отурушат.

Бул агенттиктин “атагы” эзелтен чыккан. 2014-2016-жылдары Эсептөө палатаны аудит жүргүзүп, 15,3 миллион сомго каржылык эреже бузууну таап чыгышкан.

2016- жылы төрт жылдагы эсеп боюнча бул агенттикке жалпысынан 72 кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Кыргызстанда бир дагы мамлекеттик орган кылмыш ишин ачтыруу жагынан мындай рекорд кое элек болчу.

2017-жылы учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турган чагында Токой чарба агенттигиндеги системалуу коррупцияны жоюу маселесин көтөргөн. Жээнбеков ошондо элдин токой чарба кызматына ишеними эң эле төмөн экенин айтып, браконьерлик күчөп, жапайы жаныбарлардын туягы азайып, Кызыл китепке киргизилген жырткычтар да жылдан жылга жок болуп баратканын билдирген. Андагы өкмөт башчы мындай жоготуулардын себеби агенттиктеги тамырлашкан коррупцияда жатканын айткан. Акыркы эки жарым жылда бул тармакта 44төн ашуун коррупциялык фактылар аныкталганы белгилүү болгон. Сугалак токойчулардын айынан мамлекеттин казынасы 150 миллион сомдон ашуун чыгашага учураган.

Албетте, андан бери жетекчилик алмашты, бирок схема ошол бойдон. Бул жаатта алдыга жылуу, өсүш көрүнбөйт, бирок бир иши түшүп кирген адамдын капчыгын какмай адат өстү. Эми минтип мыйзамдан да акча жасоонун амалын көрүшүүдө. Кыргызстан инвестицияга абдан муктаж, экономиканы көтөрүүдө эң натыйжалуу жол экени талашсыз. Бирок, бар мыйзамды кор тутуп, өз эрежесин орноткон жетекчилик турганда инвесторлор келмек тургай, эптеп келгени да качып кетээри бышык. Токой чарбаны башкарган топ ишкерлерден акча өнөө менен өз мекенине чыккынчылык кылып жатканын билишер бекен.

Арина Рысбаева

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *