Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “Референдум кылып Конституцияга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү керек”

– 2010-жылы президент баш болуп, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү биригип, арасында сиз дагы эл алдында жүрүп, бириккен саясий коалиция болгону белгилүү. Азыр ошол коалиция экиге бөлүнүп жатат. Мунун себеби эмнеде?

-Бул маселе бүгүнкү күндө чоң маселеге айланып баштады. Революциянын башталышы жеңил, бирок анын революцияны жасагандардын арасындагы ыпластыкты жоюш үчүн бир топ жылдар керек. 2009-жылдагы президенттик шайлоодон кийин биздин белгилүү саясатчылар ар тарапка тарап, алардын ортосунда ар кандай пикир келишпестиктер, таарынычтар көп болгон. Алардын башын бириктирүү, бир пикирге келтирүү өтө оор болчу. Бирок кандай болсо дагы биригиш керек эле. Бирикпесе, Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлиги күчтөнгөндөн күчтөнүп, канкорлор өз ордуларын таап, бийлик бир үй-бүлөнүн колуна өтө баштаган. А дегенде Манас темасы тууралуу чыр-чатактар көп болуп, эң биринчи кыргыз желегинин астында саясаттан алыс манасчылар тобу саясий аренага чыгып, бир топ аксакалдардын башы бириккен. Алар оппозицияны, башкаларын да кошуп туруп бир жарылбасак болбой калды деп туруп ишти башташкан. Ал аксакалдардын башында Оморбай Нарбеков турган эле. Алар О. Нарбековдун кабинетине чогулуп маселени талкуулашып, беш-алты аксакал “Манас жөнүндө иш-чараны өткөрөлү десек бийлик Ак үйдүн алдына боз үй тиктирбей жатат” – деп, беш-алты аксакал Алмаз Атамбаевге барса, Атамбаев боз үйүңөрдү “Форум” имаратынын алдына тиге бергиле деген экен. Ошентип алар боз үйүн “Форумдун” алдына тигишип, иш-чарасын өткөрүшкөн. Ошондо 2009-жылдын кеч күзү болчу. Февраль, март айларына чейин көп талкуулар болду. Аксакалдар дагы оппозицияга кошулушту. “Форум” имаратынын алдындагы жыйындар залына, “Достук” мейманканасынын жыйындар залына көп талкууларды өткөрдүк. Оппозициянын башына ким турат деген маселелер жаралды. Аксакал катары Оморбай Нарбековго сөз берилип, ал Роза Отунбаеваны жетекчиликке көргөзгөн. Ал сунуш чынын айтканда уруучулукка, жердешчиликке жакындашып калган. Март айынын этегинде араңдан зорго Атамбаев, Текебаев, Сариев үчөөнүн башын кошконбуз. Өзгөчө Сариевди арабызга кошуш кыйын болду. О. Нарбеков баштаган аксакалдар: “Сариев сөзүнө турбайт, орто жолдон ойт бермеси бар” – деп нааразы болушту. Ага болбой, Чолпон Жакупова экөөбүз аркы-беркини айтып ортомчу болуп жатып Сариевди оппозициянын биринчи курултайына чакырганбыз.
– Революциядан кийин кызмат бөлүштүрүү, “портфель” талашмай кандай болгон?

– 8-апрелде таң заардан маалымат жыйынын даярдатып, түшкү саат 12 де журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, кан төгүүнүн башында жүргөн балдардын алдыңкылары менен биргеликте коалиция түзө турганыбызды жарыяладык. Убактылуу өкмөт түзүлүп, Роза Отунбаева топ башы болуп чыга келди. Чынын айтыш керек, ошол оор кырдаалда Отунбаеванын топ башы болгонуна сүйүнгөн элек. Убактылуу өкмөт жаңы түзүлүп, портфель бөлүштүрүп жатканда мен айткам айланайындар, өлгөн балдарды жерге берели, андан кийин деле кызматты бөлүштүрсөңөр болот, кызмат качпайт деген элем. Убактылуу өкмөт түзүлүп иш нукка түшө баштаганда, кайдан-жайдан экенин ким билсин, көрүп-билбеген жанкечтилер пайда боло баштады. Конституциялык кеңешме түзүлүп референдум болду. Ош окуясы болду. Конституциядагы тескери, туура эмес мыйзамдарды көрүп иренжип, иликтөө иштерине баш-отум менен кирип кеттим. 6 жыл бою туура эмес, чийки жазылган Конституциянын айынан соттоштум. Ошол эле маалда 7-апрелде талап-тоноо иштеринин бетин ачуу үчүн да жүгүрүп жүрдүм. Тилекке каршы, бийликтин ар кайсы бутагында жүргөн Текебаев менен Роза Отунбаеванын мурда кол астында иштеп жүргөн жаш улан-кыздар экен, алар менин бир да маселемди карабай бут тосуп келишти. Тагдырбы же арбактар күчүнө кирдиби, айтор Убактылуу өкмөттүн башы болом, төшү болом деп ооз көптүрүп, апрель окуясында кыңыр иштин баарын кылып, кыл жип менен буугандардын жүздөрү ачыла баштады. Азыр Баш мыйзамды алмаштырыш керекпи же жокпу деп талашып-тартышып жатабыз.
– Мурдагы Убактылуу өкмөтчүлөрдүн башы кантип биригип жатат? Аларды эмне бириктирүүдө?

– Саясат убакытка жараша болот. Ар нерсе бул турмушта тажрыйбага жана коомдук көз карашка жараша өзгөрөт. Анын сыңарындай, Конституцияда туура эмес беренелер болсо аны оңдоп, өзгөртсө эмнеге болбосун. Буга чейин Азимбек Бекназаров айтып какшап келгендей, 2010-жылдагы референдумдан кийин Конституциянын тексти бир эмес, эки Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тарабынан алмаштырылган. Өмүрбек Текебаев өзү баш болуп эки жолу алмаштырып, жок тексттерди элге таңуулап, элди алдап, көп нускада басмадан чыгарып алып элге тараттырган. Ага Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кол коюшкан. Алардын кол койгону сот учурунда далилденип тастыкталган. Конституциянын баштапкы экөөнө Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кол койгон эки нускасы табылган. Анда А.Бекназаров, Ө.Текебаев, Т.Сариев, Э.Каптагаев, К.Дүйшөбаев, И.Өмүркулов, Т.Тургуналиев, А.Эркебаевдин колдору бар. А.Атамбаев, Р.Отунбаева, Э.Ибраимова, И.Исаковдордун колдору коюлган эмес. Демек кворум толук болгон эмес. Толук баары кол коюшкан эмес. Ошентип референдумдан кийин Конституциянын чалмакейи чалынып, бир эмес эки ирет алмашууга дуушар болгон. Референдумдан кийин Конституцияны алмаштырууга эч кимдин укугу жок болчу. Конституция өзгөрсө, ошол кол коюлган документтерди азыркы парламент көрөт. Депутаттар аны айтып чыгышса чындык элге тарап, Ө.Текебаев баштаган саясатчыларга коркунучтуу жагдай түзүлөт. Ошондон чочулап Текебаев, башкалары укуктук кылмышка саясий көйнөктү кийгизип жатышканынын себеби ошол.
– 31-августтагы президенттин айткандарына оюңуз кандай, Роза Отунбаеванын президент сүйлөп жатканда аянтты таштап кеткени туурабы?

– Негизи кеч болсо дагы президенттин койгон маселесине, айткан сөзүнө кошулам. Роза эже Бекназаровдорго кошулуп кетпестен, орток позицияны карманса жакшы болмок. Бир кеменин башын кармап, бир багытта туруу Р.Отунбаеванын аброюнун тазалыгын сактамак. Чын-чынына келгенде Атамбаевдин айткандары негиздүү жана так маалыматка байланыштуу. Референдум болду, ага катышкан элдин үрөйү учуп, апрель, июнь жоготууларындагы кусадан арыла албай кыйналып турган эл өткөөл мезгилдеги Убактылуу өкмөттүн кадыр-баркы үчүн, өткөөл мезгилдеги президент үчүн эмес, өлкөнүн тынчтыгы үчүн добуш беришкен. Элдин 98 пайызы добуш берди деген абсурд, жомок. Ал учурда түштүктөгү кырдаалдын азабынан өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилип турган маал болчу. Түштүктө добуш берүү Борбордук шайлоо комиссиясы белгилегендей болгон эмес. Ашып кетсе добуш берүүгө түштүктө элдин 10 пайызы гана катышкан. Түндүктө деле добуш берүүгө эл келген эмес. Добуш берүүгө 30 пайыздын тегерегинде эле эл катышкан. Мына ушунун баарын көрүп-билип туруп, биз укук коргоочулар Конституциялык референдумду жокко чыгарыш үчүн сотко кайрылганбыз. Сот биздин өтүнүчүбүздү карабай, Конституциялык палатага жөнөткөн. Конституциялык палата болсо такыр эле карабай койгон. Мени болсо куугунтукка алышкан. 2011- жылдагы президенттик шайлоодо талапкерлигимди коеюн десем Жогорку сот тоскоол болуп, шайлоо бюллетенине мени коштурбай бут тосушканынын себеби да ошондон болгон.

Маектешкен Мирлан Алымбаев

Булак: Фабула

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *