Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 17 млрд. кубга жетти

Кыргызстандагы суу сактагычтардан жылына 22 млрд. куб суу Өзбекстан менен Казакстанга кетет. Бул деген биз суу сактагычтарда чогулткан суунун 80 пайыздан ашууну мына ошол кошуналарга берилет дегенди түшүндүрөт. Аталган суу сактагычтарды кармаганга бюджеттен өтө чоң өлчөмдө каражат жыл сайын бөлүнөт. Жакында эле Токтогул суу сактагычын оңдоо үчүн 450 миллион доллар бөлүү боюнча маселени ЖК карап чыккан. «Казакстан мурда Киров суу сактагычын кармаганга кеткен чыгым үчүн 75 миллион теңге төлөп келген. Азыркы учурда 119 миллион теңге төлөйт. Бул деле суу сактагычтар үчүн жетиштүү деп айтууга болбойт. Көп учурдагы азаптарды Кыргызстан өз мойнуна алып келет. Суу байлыгы Кыргызстанда жетиштүү. Ошол үчүн электр энергиясынын баасы коңшуларга салыштырмалуу арзан экени белгилүү. Бирок, айрым учурда Токтогулдагы суунун көлөмү кескин ылдыйлап жарыктын жетишээрлик берилбей калган учурлары кездешет. Быйыл Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү жетишээрлик. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 16 миллиард 949,2 миллион кубометрди түздү. Бул тууралуу “Электрдик станциялар” ААК билдирди. Маалыматка ылайык, суунун суткасына орточо агымы секундасына 567 кубометрди, ал эми суунун агып чыгышы 275 кубометрди түздү. Августтун башында суунун көлөмү 458,6 миллион кубометрге аз болчу.

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *