Токтогул районундагы “Нарын ГЭС” ачык акционердик коомунун 50дөй кызматкери 2014-жылдан бери айлык акысын толук ала албай келгенин айтып, 15-майда нааразылык акциясына чыгышты

Алардын бири Эркин Суванкулов мекемеде 1997-жылдан бери иштеп келгенин айтып, жумушчулардын алды 500 миң сом, аркасы 100 миңге чейин аласасы бар экенин билдирди: — ​“Нарын ГЭС” ишканасы салыкка сегиз миллион сом, электрге 40 миллион сомдой карыз экен. Кыштан бери үч жолу митинг уюштурдук. Каракөл шаарынын депутаттары менен да жолуктук, бирок эч майнап чыккан жок. 2014-жылдан бери айлыкты убагында ала албайбыз. Иш токтоп турат. Ал эми мекеменин башкы жетекчиси Нурмамбет Жекшеев бул акцияны митинг деп айтууга болбой турганын айтып, жумушчулардан уюшулган топ жакында бул маселени чечиш үчүн Бишкекке бараарын билдирди: — ​Бул менин өзүмдүн демилгем болчу. Айткам, “эртең барып жолугалы. Андан кийин мен өзүм силерди Бишкекке алып барып келейин” деп. Азыр “Улуттук энергохолдингдин” башкы директору жок, биздин ишибиз да токтоп турат. Эгер электр энергиясын колдонгонубуздун акысын үч күн кечиктирсек, анда жанагы “Акылдуу эсептегичи” автоматтык түрдө жарыгыңды өчүрүп, заматта тозокко түшкөндөй болосуң. Андыктан акчанын кени болгон бул энергетика ишканалары жумушчуларына төрт жылдан бери маянасы берилбей келатса, анда башкаларыбыз баш көтөрбөй эле койгонубуз туурадыр.

Булак: Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *