Токтогулда толтура суу болот дейт

Ушул жылдын январь-май айында электр энергиясы, буу, газ менен камсыздоодо өндүрүштүн көлөмү 17 млрд. сомду түзүп, 3,3%га азайган. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин төрагасынын кеңешчиси Бакыт Сыдыков билдирди. Ал белгилегендей, суу жана буу иштетип чыгуу 9,6%га, буу жана ысык суу менен камсыздоо 15,7%га, электр энергиясын бөлүштүрүү жана сатуу 5,6%га төмөндөгөн. Аталган убакытта электр энергиясын иштеп чыгаруу 6 млрд. 937,1 млн. кВт/саат болгон. Ал былтыркыга караганда 166,9 млн. кВт/саатка аз. Анын азайышы жылуу аба ырайы, ички керектөөнүн азайышына байланыштуу болгон. Ошондой эле 1-октябрга карата Токтогул суу сактагычында 17 млрд. 59 млн. метр куб суу топтоо пландалып жатканы айтылды. Жылуулук энергиясынын көлөмү 1 млн. 373,5 миң Гкал. болгон. Ал да өткөн жылга салыштырмалуу аз. Анын себеби, жылуулук сезону эрте аяктаган.

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *