Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Токтогулда үрөй учурган кырсык катталып, үчөө каза болуп, бешөө жаракат алышты 
КООМ

Токтогулда үрөй учурган кырсык катталып, үчөө каза болуп, бешөө жаракат алышты 

Токтогулда үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Үч адам каза тапты. Бул тууралуу Жалал-Абад облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 12-октябрда Токтогул районунун Торкен айылынын жанында саат 14:00 чамасында “Тойота жана “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен “Тойотанын” айдоочусу жана эки жүргүнчү окуя болгон жерде каза болушкан.

“Хонда” унаасынан дагы беш адам жаракат алышты, алардын арасында 12 жаштагы бала дагы бар.

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады