Токтосун Мадияров, коомдук ишмер: “Айыл чарба министрлиги өз милдетин өтөй албай жатат”

— Токтосун мырза, сиз айыл чарба адиси болбосоңуз дагы бизнесмен катары бул тармак менен тыгыз иштешип калбадыңызбы. Айыл чарбасынын эң башкы көйгөйү эмнеде деп ойлойсуз?

— Урматтуу президентибиз быйылкы жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялады. Биздин аймактардын баары айыл чарбасы менен байланыштуу. Аймактар өнүкмөйүнчө биздин келечегибиз болбойт чынында. Албетте, биз социализмден капитализмге өтүп жатканда чоң кыйынчылыктар башка түштү. Айыл чарбасынын көп жетишкендиктерин жоготтук. Ошонун баарын кайра жаратып, быйылкы жылды айыл чарбасанын келечегине жол ачуу катары караш керек. Бул бир эле жылда ишке ашып кетпейт. Азыр дүйнөдө ушундай тенденция жүрүп атат, акыркы 50 жылда дүйнөдөгү баардык бизнестерден эң кирешелүүсү айыл чарбасына байланыштуу продукциялар болчудай. Чакан жана орто бизнестегилер эмне менен алек болуш керек? Биздин респубиканын экспортко алып чыга турган кандай тармактары бар? Мына ушулардын баарын аныктап, жакшы жол ачып алышыбыз зарыл.

Мен 1992-жылдан бери айыл чарбасы менен тыгыз иштешип калдым. Жалал-Абаддан пахта алып, чет өлкөлөргө жөнөттүм. Пахта – бул калдык чыкпай турган өндүрүш. Буласынан тартып, чигит, гозопаясына чейин керектелет.  Дыйкандардын өз пахталарын сатуусуна чоң жардам берип, көп райондорун өнүгүүсүнө көмөк көрсөттүк. Ошондон улам Ноокен, Сузак, Базар-Коргон райондорунун башкарма, бригадирлеринен карапайым дыйкандарына чейин мени таанышат. Ар бир продукциянын баасы талапка жараша көтөрүлүп, же түшүп турат. Дүйнө жүзүндөгү пахта эккен мамлекеттердеги аба ырайынын шарттарына байланыштуу баа бирде жогору болсо, бирде төмөн болот. Биздин дыйкандарыбыз 93-жылдары бааны көтөргөн боюнча түшүрбөй келатышты. Ошондуктан, кирешесиз болуп калгандыктан, биз 2003-жылы пахта менен иштөөнү токтотконбуз. Ошондон улам пахта талааларынын аянттары кыскарып, пахта заводдорубузду жоготуп алдык. Мисалы, Жалал-Абадда эң сонун завод бар эле, сатылып кетти. Ал эми майда заводдор талапка жооп бербейт. Аны кайра калыбына келтириш үчүн бир топ убакыт керек болот.

— Айыл чарбасы дүйнөдө кирешелүү болчудай дебедиңизби? А бизде, тескерисинче, кайсы дыйкан, фермерден сураба, “айыл чарбасы өзүн өзү актабайт” деп айтышат.

— Көп нерсе жерге эмне айдалгандыгына байланыштуу да. Бүгүнкү күндө дыйканчылык өсүмдүктөрүнүн өтүмдүү, баасы жогору түрлөрүн эгүү керек. Биздин айыл чарба министрлиги 1995-жылдан баштап өзүнүн актуалдуулугун жоготкон.  Анткени, малдын, жердин баары тарап, министрликтин колунда мамлекетке таандык мүлктөн башка эч нерсе калган жок. Алар өзүнө тиешелүү иштерди жасабай жатат. Бүткүл дүйнөдө айыл чарба министрликтери быйыл эмнени эксе пайдалуу болору боюнча жыл сайын дыйкандарга прогноз-бюллетендерди берет. Баардык дыйкандар бирдей эмес, жеринин аянтына жараша алар бирдеме эгиш керек да. Министрлик “быйылкы жылы күнкарама, же пахта, тамеки өтүмдүү болот” деп айтыш керек. Биздин министрлик ушул нерсени эч эле колго алалбай койду. Ар бир дыйкан өзү өндүргөн товарын бир жакка кымбат баада саткысы келет. Мына ушундан улам алар көп нерсени жоготот. Себеп дегенде, аз көлөмдөгү товарын “Бишкекке алып келем” деп чыгымга батат. Жол кире, кампага төлөнчү акы чыгымдары бар. Өзүн-өзү актабай калып атканы ушундан. Илгери союз маалында даярдоо конторалары бекеринен курулган эмес да. Бүгүн дагы ошондой ортомчу компанияларды райондук, аймактык деңгээлде уюштуруш шарт. Колунан келген кишилерге мамлекет эч чочулабастан кредит бериши зарыл. Бир райондун бүт буудайын, же жүгөрүсүн ала турган ортомчу компанияларды түзмөйүнчө дыйкандардын абалын оңоо кыйын. 1996-жылы облустун жетекчилери токтоп турган балдар азыктарын жана “Гималай” минерал суусун чыгаруучу заводду кайра иштетип берүүнү сурангандыктан, мен Швейцарияга “Андре” фирмасына чейин барып, “Гималайды” иштеткем. Ал эми Кувасай шаарынан келген банкалар стандартка туура келбегендиктен, балдардын азыктарын даяр продукция түрүндө эмес, полуфабрикат түрүндө чыгардык. 2 миң тоннага чейин полуфабрикат чыгарып, Россияга чейин сатып, мен бир нерсеге көзүм жетти. Биз чакан мамлекет болгондон кийин полуфабрикат түрүндө сатсак, экспорттон утат экенбиз. Даяр продукция өзүбүздүн рынокко гана сатылып, “чет өлкөлөргө сатабыз” дегенибиз бул жөн гана кыял болуп калышы мүмкүн. Анткени, биздикине окшогон продукциялар кошуна өлкөлөрдө да чыгат, алар сезон убагында атайын демпинг жасап, биздин баа ага туура келбей, өтпөй калышы ыктымал. Биздикиндей жогорку сапаттагы продукция дүйнө жүзүндө жок. Аларды полуфабрикат түрүндө 2-3 жылдык сактоо мөөнөтү менен кымбат баада экспорт кылсак болот. Азыр атайын бочкалар, асептикалык капчалар бар. Алманын, өрүктүн, шабдаалынын пюрелерин полуфаборикат кылып сатсак, дүйнөдөгү 5-10 млн. калкы бар ири шаарлардын тегерегинде заводдор көп, ошолор кайра иштетип, даяр продукция чыгарышат. 10-15 жылдан бери бүтүндөй Талас облусун төөбуурчак багып келатпайбы. Айыл чарба министрлиги ар бир региондун жаратылыш шартына жараша сунуш бериши керек. Мисалы, күрүч эге турган канча жердин баары эгилбей жатат. Чүй аймагында канча жерлерди камыш басып кетти. Мурда Суусамырда тикенек болгон эмес, жалаң көк шибер болгон. Азыр каралбай калгандыктан, тикенек басып, күзүндө келгенде малдын жүнү калбай калат.

— Аймактардагы айрым ишкерлер күнөсканаларда “биздин климатка дегеле ылайык келбейт” деген экзотикалык өсүмдүктөрдү өстүрүп жатышат. Көрсө, баардык нерсени өстүрсө болот турбайбы?

— Кудай Таалам бизге табиятты ушунчалык керемет кылып берген экен, шүгүр кылып эмгектенсек эле көп нерсеге жетишсек болот. Мөмө-жемиш өстүрүш үчүн эмне керек? Күн, анан суу. Күн Кудайга шүгүр жакшы тиет. Бөлөк жактарда күн айлап тийбеген жерлер бар да. Суубуз кенен. Бүгүнкү күндө калктын саны өскөндүгүнө, кант диабети сыяктуу оорулар көбөйгөндүгүнө байланыштуу күнөсканалар абдан модалуу чарба болуп жатат. Элдин көбү диета кармап, жашылча, мөмө-жемиш менен тамактанып калышты. Күз, кыш айларында жаңы продукциялар элге абдан керек. Демек, күнөсканаларды кеңейткенге да шарт чоң.  Өзгөчө Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында. Мамлекет көңүл бурса, бул абдан чоң пайда алып келе турган тармак болот.

— Балык өстүрүү боюнча да бизде аябай шарт жакшы.

— Балыкты өстүрүп жатышат. Муну дагы көбөйтсө болот. Балык – бул элдин баары жей турган тамак. Аны экспортко чыгарса да болот. Сырт жактан деңизде өстүрүлгөн балыктарды алып келгенга караганда, өзүбүздүн таза сууларга өстүрүлгөн балыктар абдан пайдалуу.

— Эксперттердин көбү айыл чарбасы жакшы бутка таралбай жатканынын бир себеби, “чарбалар майда, аларды ирилештириш керек” дешет.  Ушу туурабы?

— Атайын мажбурлап ирилештиргенде болбойт. Баарын чогултуп туруп эле “биз сүйлөштүк, силерди кайра бириктиребиз” дегенде сөзсүз нааразы болгондор чыгат. Айыл чарба министрлиги бүт република боюнча менчикке бөлүнгөн жерлер боюнча кадастр түзүп чыгышы керек. Бир кишинин бир гектар жери болсо да билине тургандай программа түзүп, компьютерге киргизүү зарыл. Ошондо кайсы жерде эмне курулганы, эмне куруу зарылдыгы өзү эле билинет. Элди мажурлап бириктирбестен, алардан сураныш керек. Келечектүү нерсеге бириккенге эл өзү эле умтулат. Бүгүн көпчүлүгүнүн мурдуна суу жетти. Жер-жерлерде “мен жер иштете ала турган киши эмес экенмин, мурдагы кесибим боюнча эле иштеп, үлүшүмдү бирөөгө кошушум керек” деп ойлогон кишилер көп. Бишкекте күнүгө 25тен жүзгө чейин жылкы союлат экен. Күнүгө 100 жерде той өтөт. Ат-Башыда азыр тоонун койну толтура жылкы менен бодо мал. Эмне үчүн ошол жакка касапканаларды куруп, стандарт менен колбаса, казы-чучук чыгара турган цехтерди ачпайбыз? Биздин аймакта эле Жалал-Абадда, Майлы-Сууда, Таш-Көмүрдө кандай сонун эт комбинаттары бар эле? Алардын баары жок болду.  Азыр деле шарт түзүлсө, этти, сүттү кабыл ала турган жер болсо, малчы, дыйкандар биригип, чарбалар өзүнөн өзү ирилешет да. Мамлекеттин милдети – ошого шарт түзүү.

Керим МУРАС

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *