Токтосун Мадияров, коомдук ишмер: “Атамбаев бийликти өз ыктыяры менен тапшырып бергени – бул эл-журтту, мыйзамды сыйлагандык”

Бул интервью былтыр шайлоонун алдында алынды эле. Бирок, материал  көптүгүнөн улам сандан-санга кылып отуруп, акырында жарыяланбай калган. Анан бүгүн аны архивимен таап алып, кайра бир сыйра көз жүгүртсөм, Токобуз бир  топ эле кызыктуу, оригиналдуу ойлорду көзү ачыктык менен айткан экен. Ошондон улам кеч болсо да аны окурмандарга сунуштоону туура көрдүм.

 — Токтосун мырза, элибиз быйыл дагы бир чоң сыноодон өткөнү турат. Кудай буюрса, жаңы президент шайланат. Бир топ кишилер президенттикке ат салышууга ниети бар экенин билдирип, кол топтоп жатышат. Түздөн-түз аралашпасаңыз да саясатка такай баам салып турган киши катары талапкерлерге, алардын мүмкүнчүлүктөрүнө кандай баа берет элеңиз?

— Президентибиз Алмазбек Атамбаев кызматка отургандан баштап эле өзүнүн президенттик күнүн эсептей баштаганда, кээ бир саясатчылар муну ар кандай жорушкан. Анын айтканына ишенбей, “бул дагы ордунда калгысы келип жатат  окшойт” дегендей күмөн саноолор, жоромолдор да болгон. Менин баамымда, Алмазбек Шаршеновичтин өзүнүн президенттик күндөрүн эсептегени көп саясатчылардын оюн алдын ала билип, ошого карата өзүнүн жолун түздөп, “мамлекетти алты жыл жакшы башкарып берсем” деген тилекте болгон. Экинчиден, Атамбаевдин кыял-жоругу, сүйлөгөн сөздөрү да эл арасында көп айтылып жүрөт. Мен ойлойм, ал өзүнүн кыял-жоругун жашырбай, ачык айтып, ак сүйлөгөн президент болуп калды. Адам баласы болгондон кийин анын бир топ тарабы болот, туурабы? Адам кыял-жоругу кандай болсо, ошону менен элге батынып, эл ошол кыял-жорукту сиңире билсе, анда ал элди башкара да билет. Бизге кийин кандай гана президент келбесин, анын жакшы-жаман, күчтүү же алсыз жактарын таразалап ала турган эл өзү. Бүгүнкү күндөгү “президент болом” деген көпчүлүк талапкерлер өзүнүн негизги кыял-жоругун көрсөтпөй, жасалма көрүнүш менен жүрүшөт. Жаман жагыңды билгизбей бир нерсеге жетишсең, кандай башка жактарың бар экендигин эртең эле эл билип коёт.

Бийликти өз ыктыяры менен өткөрүп берүү оңой иш эмес. Кошуна өлкөлөрдө жыйырма жылдап бийликте отурган президенттер бар. Ошолордун фонунда биздин президент деле “эмне алты эле жыл отуруп каламбы, дагы алты жыл иштесем эмне болмок эле?” деген ойго келсе болмок да. Бирок, антпей, бийликти өз ыктыяры менен тапшырып берип атканы — бул дагы элди-журтту, мыйзамды сыйлагандык болуп эсептелет. Ошондуктан, биз биринчи кезекте анын бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүнү көздөгөн аракетин колдоого алышыбыз керек. КСДП сунуштаган Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги – бул бийликтин улануучулугунун эстафетасы болуп эсептелет.

Эми талапкерлерге келсек, бул жолу 50дөн ашык киши президенттикке койгону – биздин кыргыз жигиттерибиздин, аялдардын арасында аябай баатыр, духу бийик адамдар бар экенинин белгиси. Биз алардын арасынан фавориттерин карашыбыз керек. Саясат деген бул ар бир элдин келечегин багыттаган стратегия, ошол стратегиянын ичиндеги тактикаларды камтыган, коомду алдыга сүйрөөчү күч болуп эсептелет. Ошол күч эмнеге негизделет? Ошол кездеги мамлекеттин экономикасына байланыштуу болот. Биз экономикабызга кандай жакшы жаңылыктарды киргизе алдык? Стратегиябыз, тактикабыз туура болдубу? Бирок, биздин саясатыбыз кийинки кездерде майдаланып баратат. “Мен саясатчымын” дегендердин көбү мамлекеттик деңгээлден көтөрүлүп, дүйнөлүк деңгээлге чыккандын ордуна өзүбүздүн эле коомдун келечегин көрө албай, бири-бири менен талаштан, чабыштан алыс кеталбай, регионалдык, атүгүл айылдык деңгээлге чейин түшүп кетишти.

Өткөндө мен президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун интервьюсун башынан аягына чейин уктум. Ал киши “мен 2005-жылдан баштап чоң саясатка аттандым” деп айтып атат. Туура, аттанды, депутат болду ошо жылдары. Өкмөттү кулатып, “жаңы өкмөттү курайбыз” дегендердин арасында лидерлердин бири болуп жүрдү. Такшалды. Бирок, Роза Отунбаев бул кишиге мандатты берип, спикерди, премьерди шайлоо милдети турганда Бабанов аткаруу бийлигин, 1-вице-премьерликти тандабастан, спикер болсо болмок. Беш жыл бою 120 депутаттын жаман-жакшысына күйүп, парламентти башкарып турганда бүгүнкү күндө өзү эле президент болуп калмак. Бул анын кетирген биринчи жаңылыштыгы болду.

— Жаңылыштык дейсизби? Балким, ал “аткаруу бийлигин жакшы билем, менин стихиям ушул жакта” деген мааниде өкмөттү тандагандыр?

— “Чоң саясатчы болом” деген киши өзүнүн укуругун алыс таштап, туура жол тандап алышы керек. Ал биринчи вице, премьер-министр болду. Бирок, өкмөт башына келгенде кандай гана катаал киши менен иштешпесин, кызматынан  кетпеши керек болчу. Беш-алты жыл түшпөй иштесе, анда чындап эле чарбакер болмок. Пландары балким жакшы болгондур, бирок, анын үчтөн бири аткарылып, үчтөн экиси аткарылбай калды. Тез-тез алмашуунун кесепети баары бир коомго терс таасирин берет экен. Ал киши бүгүнкү күндө кайрадан саясатка аралашып, депутат болуп, президенттикке коюп жатат. Саясатчы катары бышты. Бирок, президент болуп калса Конституцияны кайра өзгөртүп, президенттик башкарууга кайра келерин айтып жатканы эртеңки күндө коомдо көп пикир келишпестиктер болорунан кабар берет. Дагы бир жолу кыйынчылыкты баштан өткөрүүгө туура келет.

Дагы бир саясатчыбыз Темир Сариев өтө татаал жолдорду басып өттү. Ошол эле Убактылуу өкмөткө мүчө болуп, пейили келишпеген кишилер менен иштешип жүрүп министрликке, премьер-министрликке чейин жетти. Бирок, бир жыл боло электе премьерликтен кетип калганы кимдин күнөөсү? Өзүнүн гана күнөөсү. 2012-жылыбы же 2013-жылыбы, жолго 2 млрд. сом акча бөлүндү. Ошондон кийин Сариев “жолду оңой эле салып койсо болот экен” деп ойлоп алып, адашып калды окшойт. Кумтөрдөн, Караколдун фондусунан, транспорт министрлигинен каражат алып, Караколдун жолдорунун баарын узун-туурасынан асфальт жасатты. Бул жакшы. Бирок, ал муну мыйзамсыз жасатты да. “Ушундай эле жол менен жолду жасай берсе болот тура, Балыкчы-Корумду жолун деле жасатып койсом кантет?” деген жакшы ой кетти. Бирок, бюджетте каралбаган акчага кантип жол салдырат? Жол – бул өзүнчө уникалдуу курулуш. Анын бир катмарын төшөгөн он эки кабат үйдү салган сыяктуу эле. Анткени, ар бир катмарынын аткарар ролу бар. Жаан жаап, сел жүрүп, жер титирегендин баары эске алынууга тийиш. Анан ошонун баарын ойлонбой баштап алып, анан эртеси “мен кызматыман адилетсиз алынып калдым” деп наалыган, элдин алдында кырын салып турганы туура эмес. Ошол кызматка жеттиңби, ишенимди актап, керек болсо беш, керек болсо он жыл иштей билиш керек эле. Өзүңөн жогору бир гана чоң бар, анын тилин кантип табасың – бул сенин ишиң да. Кичинекей эле кетирген кемчилиги бүгүнкү күндө чоң жарака болуп келип атат элдин алдында.

— Бирок, Текебаев экөөнө тең атайын интрига уюшулганын, аларды кызматтан кетириш үчүн түрдүү айла-амалдар колдонулганын ачык айтып салбадыбы?

— Бабанов өзү интервьюсунда “премьерге караганда баардык нерсе президенттин колунда, анын мүмкүнчүлүгү чоң” деп айтпадыбы. Ансыңарындай, президенттин көзү түз болбогундугунан интригага жол ачылып кетет да. Президент менен премьердин жолу, ою бир болуш керек эле. Ошол бир болбогону үчүн ажырым кеткен болуш керек.

— Сиз аларга караганда Жээнбекого артыкчылык берет экенсиз да?

— Өзүбүз көрүп атпайбызбы. Сооронбай Жээнбеков оор басырыктуу жигит экен. Губернатор болуп турганда президентке ультиматум коюп, “мени спикерликке алып кел” деген жок. Ар бир тепкичте өзүнүн кыйынчылыгын көрүп, өзүнүн азабын тартып, команданын бир сабы болуп иштеп турган дагы чоң нерсе. Таза, тунук суу ичине чейин көрүнүп турат. Жээнбеков да ошол таза суу сыяктуу.

— Бул шайлоодо кайсы талапкерге колдоо көрсөтөсүз?

— Биздин кетментөбөлүк аксакалдардын он-он бешин чакырып, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу болду. Көпчүлүгүбүз Сооронбай Шариповичти колдоо боюнча чечим кабыл алдык. Себеби, ал жетектеген өкмөт көп иштерди жасай алды. Бүгүнкү күндө бюджеттин 35 пайызын энергетиктер берип атат. Энергетиктердин негизи базасы, ГЭСтердин баары Кетмен-Төбө өрөөнүнүн аймагында жайгашкан. Былтыр Токтогул районунун атайын эсебинин акчасы эки эсе көтөрүлдү. Мурда 44 млн. сом болсо, азыр 70 млн. сомдон ашты. Бул көп маселерди чечүүгө шарт түзөт. Ырас, дагы чечилбей жаткан көп маселелер бар. Бирок, өлкөбүздө туруктуулук эле болсо, анын баары чечилет.

— 21-августта Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы премьер шайланат. Бул Жээнбеков кызматын тапшырат, “шайлоо учурунда административдин ресурс колдонулбайт” дегенди билдирет. Кандай деп ойлойсуз, Сооронбай мырза өзүнүн жеке кадыр-баркы, тажрыйбасына гана таянып утуп чыга алабы?

— Жээнбеков президенттикке өзүн өзү көрсөткөн жок. КСДП өзүнүн буга чейин топтогон кадыры, мамлекеттик деңгээлде отурган кадрлары менен “ушул кишини колдойбуз” дегени – ага жол ачып берүү ниети. Ал эми административдик ресурс шайлоодо колдонулбашы керек. Жээнбеков ишин тапшырбай катышса деле жеңе албай калышы мүмкүн да, туурабы? Бирок, анын шайлоого кызматын тапшырып аттанып жатканы жеке эле Жээнбековдун эмес, партиянын касиетин көрсөтүп турат. Бүгүнкү күндө кыргыз элине ырахмат айтышыбыз керек. Көпчүлүгү мамлекеттин багуусунан чыгып калды. Мамлекет бүгүн билим берүү, саламаттык сактоо тармагындагы бюджетчилерди, калктын аз камсыз болгон катмарларын, пенсионерлерди гана камсыздаш керек. Калган катмалар өзүн өзү багууга тийиш. Ар бир үй-бүлөнүн вертикалдык бизнеси бар. “Мен шаардыкмын” дегендердин көбүнүн АКШда, Европада жашап, оокат кылып аткан туугандары бар, айылдыктардын Россияда жакындары бар. Ошолор акча которуп, бюджетти толтуруп жатышат. Бюджетти элүү пайызга чейин толтуруп жаткандар эмгек мигранттары менен орто жана чакан бизнестин өкүлдөрү. Мамлекет элге болгону инфраструктураны түзүп, тынчтыкты камсыздап бериши керек.

— Келдибеков, Ташиев, Мадумаров, Төрөбаевдин баш кошуп, блок түзүшкөндөрүнө кандай карайсыз?

— 2010-жылкы парламенттик шайлоодо мен көп партиялар чакырганына карабастан, КСДПга жардам бердим, Кетмен-Төбөдөн штабга башчы болуп отурдум. Чынын айтыш керек, биз “өзүбүздүн кадыр-баркыбыз, элге сиңирген эмгегибиз менен 40 пайыз добуш алабыз” деп ойлогонбуз. “Ата Мекен” партиясы деле ошондой ойлогон. Бирок, элди багыттай алган үчүн “Ата Журт” партиясы биринчи орунга чыгып кетти. Чоң портфелдерге ээ болду. Бирок, анын аягы эмне менен бүттү? Баштарын бириктире алышпай, колдо турган дөөлөттү тарттырып ийишти. Анан дөөлөт деген тоголок, кайра эле кайрылып келе бербейт экен да. Бүгүн кайрадан биригип атышат, балким, бул жолу жолдору ачылып кетээр. Калкыбыз тынчтыкты сүйөт. Андыктан, кээ бир талапкерлерди шайлоону тынчтык жол менен өткөрүп алалы деп биригишкендери туура эле деп ойлойм.

Керим Мурас

Булак: Азия Ньюс

 

 

 

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *