Токтосун Мадияров, коомдук ишмер: “Мен эмне үчүн Алмазбек Шаршеновичке ыраазы болдум?”  

— Токтосун мырза, Кыргызстандын тышкы карызы көбөйгөндөн көбөйүп эле баратат. Өкмөттөгүлөр элди “тышкы карыз ИДПнын 60 пайызынан ашканда гана корксок болот. Биз азырынча андай деңгээлге жете элекпиз” деп жооткоткону менен учурунда төлөнбөсө бир күн кооптуу чекке деле жетип калышы мүмкүн да. Сиз карыздарды жоюунун кандай жолдорун көрөсүз?

— Бул бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу маселе болуп жатат. Анткени, өзүңөргө белгилүү, жаңы жылдан кийин эле “өлкөбүздүн тышкы карызы 4 миллиард 15 миллиондон ашты” деп ЖМКларга чыкты. Бул биз эгемендикке ээ болгондон бери топтолуп келаткан, 27 жылдын ичинде чогулган карыз. Мамлекет карызды кандай алса, аны кайтаруу боюнча да ошондой эле тыгыз иш алпарышы керек. Мисалы, Кытайдан акыркы үч-төрт жылдан ичинде биз 1 миллиард доллардан ашык кредит алдык. Аны алуунун үстүндө 100 киши иштеген болсо, кайра берүүнүн үстүндө дагы он пайыздан кем эмес, б.а. 10 адам тыгыз иш алпарууга тийиш. Бул үчүн президент баш, премьер-министр төш болуп, атайын команда иштеши керек. Карызды жоюунун көп жолдору бар. Кредит кайсы мамлекеттен, кайсы каржы уюмунан алынды? Мен билгенден биздин эң чоң карыздарыбыз Кытай мамлекетинен, МВФ, Бүткүл дүйнөлүк банктан алынган, буга чейин бизди колдоп, кредит берип келген Россия Федерациясы карыздарын жойду. Мурда 800 млн. долларды бир жоюп, акыркы жолу 240 млн. доллардан ашык акчаны дагы жойду. Бүгүнкү күндө биздин Россияга карызыбыз жок. Россиялык-кыргызстандык фонд түзүлүп, ЕАЭБге киргендигине байланыштуу 500 млн. бөлүп, экономиканы көтөрүүгө чоң жардам берип жатат. Мына, көрдүңөрбү? Демек, жоюла турган дагы жолдор бар экен. Мамлекеттик деңгээлдеги чоң долбоорлор бар. Кээ бир карыздарды ошол долбоорлорго киргизип койсо болот. Биздин бүгүнкү экономикабыздын негизги локомотивдеринин бири – бул энергетика тармагы. Бирок, мамлекетке пайда алып келип, байыта турган тармагыбыз бүгүнкү күндө  карызга белчесинен батып, чоң кыйынчылыкты баштан өткөрүүдө. Бул тармакты кирешелүү кылуунун жолдору, инструменттери бар. Бирок, канча премьер-министр алмашып, Жоомарт Оторбаев, Өмүрбек Бабанов сыяктуу рыноктук экономиканы  жакшы түшүнгөн өкмөт башчылар келсе дагы эч иш жасабаганы мен үчүн өтө өкүнүчтүү. Дүйнөдө компаниялардын капитализациясына  мүмкүнчүлүк түзгөн чоң биржалар бар. Мисалы, Америкада “Наздак” сыяктуу биржалар, Лондондо, Торонтодо, Токиодо өзүнчө биржа бар. Бирок, өкүнүчтүү жери, 27 жылдан бери биздин бир да мамлекеттик компаниябыз биржага чыккан жок. Россиядагы “Ростнефть”, “Сибнефть” сыяктуу компаниялардын бардыгы Лондондогу биржадан акча тартып, Россиянын экономикасына жумшап жатат. Биз да үч компанияны биржага чыгарганга мүмкүнчүлүк бар. Биринчиси “Электрстанциялары”, экинчиси “Кыргызалтын”, үчүнчүсү “Кыргызтелеком”. Мына, алтынды эле алалы. Бүгүнкү күндө алтындын бир унцийи 1250-1300 доллардын ортосунда. 2010-жылдан-2015-жылга чейин биздин алтын запасыбыз 1 млрд. 300 млн. долларга чейин жеткен. “Центеррадагы” акцияларбызды башкара албагандыгыбыздан эле биз 600-700 млн. долларды жоготтук. Мынча акчаны бизге ким берет? Билбейм, “Кыргызалтындагылар” мунун үстүндө иштеп жатышабы, бирок, натыйжа көрүнбөйт. Телекоммуникация тармагы да абдан кирешелүү тармак. Бирок, бүгүнкү күндө ал да биздин мамлекетибизге эч кандай пайда алып келбей жатат. Ошон үчүн саткан жатабыз. Бирок, сатканда бир эле жолу пайда түшөт да. Бөлөк кишинин колуна өтүп, калган пайданын баарын алган киши көрөт.

— Жакында эле 1-вице-премьер Аскарбек Шадиев парламентке келгенде депутаттардын “эмне үчүн энергетика тармагы кирешелүү боло албай жатат?” деген суроосуна “тариф саясатын кайра караш керек” деген таризде жооп берди. Эмне, электр тармагын кирешелүү кылыш үчүн бааны жогорулатуудан башка жол жокпу?

— 1995-98-жылдарга чейин дүйнөдөгү энергия пайда кылуучу тармак чыгашалуу болуп эсептелчү. Бирок, 2005-жылдан баштап энергетика системасы бөлөк деңгээлге чыкты. Баалары кымбаттап, киреше алып келе турган тармакка айланды. Ошондуктан, акыркы жылдары бул тармакка көп көңүл бурулуп, инвестиция тартканга дагы мүмкүнчүлүк пайда болду. Кредит качан алынат? Карыздан кутула ала турган долбоор жазылганда гана. Биз дагы кредиттерди алып, кубаттуулукту көбөйткөнү жатабыз. Бирок, туура эмес жолдо баратабыз. Энергетика секторун биржага алып чыгыш керек. Ошол жактан керектүү акчаны тартып, өндүрүшкө жумшап, акционерлер менен иш кылсак утабыз. Рыноктук жолго түшмөйүнчө дайыма карыз болуп, тарифти көтөргөндөн башка иш жасалбайт. Дүйнөдө атайын карыздар менен иштеген абдан чоң банктар бар. Ошолор менен келишим түзүп, бүгүнкү аласа-бересеси менен каржылоого өткөрүп, “Электрстанциясынын” базасында жаңы, таза, бюджети ачык компанияларды түзүп, жаңы кубаттуулук менен биржага алып чыгыш керек. Ошол биржанын негизинде ГЭСтерге жана башка керектүү жерлерге акча тартуу зарыл. Ошондо биз өнүгүп, тез бутка турабыз. Эгер колдорунан келбесе, колунан келе турган кишилерге кайрылыш керек да. Бир ууч эле адамдар “мен билем” деп барышат, бирок, алардын мамлекет үчүн бир көзгө көрүнөрлүк иш жасап кеткендерин мен көрө элекмин. Өкмөттү тез-тез алмаштыргандан биз утпайбыз. Премьер-министр бир жылда, бир жарым жылда эмнени чече алат? Натыйжа болуш үчүн үч жылдан кем эмес иштеши керек. Мүмкүнчүлүгү бар премьер-министр төрт-беш жылда жакшы натыйжа бериши мүмкүн.

“Кыргызалтын” деп аталган чоң компаниябыз бир эле “Макмал” менен отурат. Анан “Кумтөргө” ортомчулук кылгандан башка иш кылбайт. Бизде алтын кендери абдан көп. Мамлекет бул жагынан өз кызыкчылыгын чечиши керек. Салыктарды биз башка мамлекеттерге караганда да көп кылып ийдик. Бирок, натыйжа жок. Мына, “Кумтөр” менен үч жыл бою бүтүндөй бир мамлекет кармашты. Натыйжа – нөл. Жоомарт Оторбаев негизинен туура сунуш айткан. Биз убагында көз жаздымда калтырган себептүү “Кумтөрдүн” көзөмөлдөөчү акция пакеттерин бөлөк бирөөлөрдөн сатып алыш керек болчу. Ошондо биз кенди башкарып калмакпыз. Бүгүн парламентте абдан күчтүү, билимдүү жигиттер бар, “50 тоннадан ашык изилденген запасы бар алтын кендерин 51 пайыздан кем эмес акциясы мамлекетте болуш керек” деген атайын мыйзам кабыл алуу зарыл. 50 тоннага чейинкилерге жеке инвесторлорго уруксат берип, “ошондой кендерге ээ болууга укуктуу” деген эле мыйзам кабыл алып койсо, чыр-чатактын баары басылат. Чоң ишканалар убагы келгенде мамлекетке өтөт дагы, ал эми калгандары мамлекет менен өнөктөш болуп, ар бир кен чыккан жерден 20 пайызбы, 30 пайызбы, үлүшүн алып турмак. Ошондо бул тармак жакшы өсмөк. Мен билгенден бүгүнкү күндө эки миңдей ар түрдүү ишкерлер лицензия алышыптыр. Биздин кен чыккан жерди өзүнүн мамлекетинин компаниясына кошуп алып, биржага коюп, чоң акчаларды айландырып жүргөн чет элдик компаниялар абдан көп. Эмне үчүн биз алардан бүгүнкү күнгө чейин салык ала алалбайбыз? Эмне үчүн ээлерин чакырып, “биздин алтындын эсебинен пайда таап жатасыңар, эмне үчүн мамлекетке салык төкпөйсүңөр?” деп маселе койгонго кудуретибиз жетпейт?

— Тажикстан “Рогун” ГЭСин бюджеттин эсебинен эле куруп бүткөнү калды. Эмне үчүн ошондой ишти биз жасай албай жатабыз?

— Ошол “Русгидро” деле биздин жогорку Нарын каскадын Лондондогу биржага алып чыгып, “аяктан акча тартабыз” деген план менен келген да. Бирок, Россиядагы мүмкүнчүлүктөрү аз болуп, биржадан акчаны тез алуу маселеси чечилбей, ошондон долбоорду ишке ашыра албай калды. Мен ошон үчүн айтып атпаймынбы, бизге ортомчунун эмне кереги бар? Өзүбүз түз эле биржага чыгып, мамлекеттик деңгээлде ишке ашырсак боло турган нерсе. Буга чейинки курулган “Таш-Көмүр”, “Күрпсай”, “Шамалды-Сай” ГЭСтери мамлекетке тапшырылбастан, убактылуу дирекция тарабынан башкарылууда. Бирок, аларды кайра модернизациялап, жаңылоонун мөөнөтү келип калды. Бул тармактарга да акча керек болот. “Үч-Коргон” ГЭСи 1956-жылы салынган экен, бүгүнкү күнгө чейин төрт агрегаты модернизацияланбай, абдан кыйын абалда турат. Суу сактагычына 40 пайыз ылай толуп, эч кандай кайтарым берген жери жок.

— Жогорку Кеңештин депутаттары: “Биздеги Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарындагы суунун дээрлик токсон пайызын кошуна өлкөлөр пайдаланышат экен. Бирок, аларды кароого, тейлөөгө  кеткен чыгым бүт бойдон Кыргызстандын мойнунда. Ушул туурабы?” деген жүйөлүү суроону коюп жатышат. Бул боюнча оюңуз кандай?

— Бул маселени депутаттар бүгүн көтөрүп жатышса, биз кетментөбөлүктөр жыйырма жылдан бери эле көтөрүп келатабыз. Биздин аксакалыбыз Турдакун Усубалиев 2001-жылы сууга “Товар” деп аныктама берип, мыйзам кабыл алган. Суу сатылышы керек. Үч жерден сатылышы керек. “Токтогул” ГЭСинен, Орто-Токой жана Киров суу сактагычынан. Биз күндө агып аткан сууга мейли, акча албасак болот. Бирок, сууну токтотуп, жыйнап, анан керек учурда бергенибиз үчүн акы талап кылсак болот. Бул үчүн биз чыгым кетирип атабыз да. Эң жок дегенде сезон маалында сатышыбыз керек. “Токтогул” ГЭСин мисалга алсак, ага 19 млрд. куб суу батат. Биз бир жылда 7-10 млрд. кубга чейин сууну коё берип, кайра топтойбуз. Демек, ошол суунун баасы болуш керек. Азыр биз өзүбүз деле сууну сатып алып жатпайбызбы.

— Сиз жол боюнча адис эмессизби. Түндүк-түштүк альтернативалык жолун салуунун канчалык зарылдыгы бар эле?

— Мен алты жылда эки чоң долбоорду ишке ашырып кеткени үчүн Алмазбек Шаршеновичке өтө ыраазымын. Биринчиси, энергетикалык коопсуздук түздүк. Экинчиси, жол коопсуздугу ишке ашып жатат. Бул жол Кыргызстандын экономикасын көтөрүп, байланышты күчөтүү үчүн бизге аба менен суудай зарыл. Эмне үчүн жолго кредит тез бөлүнөт? Себеби, жолго алынган кредит эсеп боюнча тез төлөнүшү керек. Ташып келинген жүктөрдөн, күйүүчү майлардан бюджетке канчалаган НДС, пошлиналар төлөнүп жатат. Булардын баары эртеңки күнү жолдун чыгымын актай турган кирешеси болуп эсептелет. Экинчи меселе, биз жолду куруп алгандан кийин аны туура пайдалануубуз кажет. Мына, Кудай буюрса, быйыл Торугарттын жолу бүтөт. Казакстанда Кытай менен байланыштырган автожол да бар, темир жол да бар. Тажикстанда да жолдор салынып атат. Биз эмне менен утабыз? Көрсөткөн кызматыбыз арзан, транспорттук чыгымдарыбыз аз болуп, биздин жолдон көп жүк өтүшү керек. Кытайдан келген жүк бөлөк мамлекеттерге: Россияга, андан ары Европага биз аркылуу кетсе, биз жолду туура салганыбыздын, туура пайдаланып жатканыбыздын натыйжасы болот. Торугарттын өзүндө жүк сактоочу жайларды куруу кыйын. Себеби, деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийик. Ошондуктан, Кемин, Токмок зонасына ири логистикалык борборлорду салып, Россиядан келген машина Кытайга чейин барбай, Кытайдан келген машина бери өтпөй, жүгүн ошол жерден түшүрө тургандай кылуу керек. Ошондо өзбек, тажик туугандар да товарларды бүт бизден алып калышы мүмкүн.

Керим МУРАС

Булак: Азия Ньюс 

1 ой-пикир

  • пенсионер says:

    Атамбаевдин убагында тышкы карыз 2 эсе кобойсо деле ыраазы боло бересизби? Сыягы элди кенкелес ойлойсунар силер?

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *