Төлгөбек Койчуманов, сүрөтчү: “Чыңгыз Айтматовду тарткан сүрөтүмө Аскар Салымбеков менен Ташкул Керексизов жогору баа беришкен”

Жаш сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов менен маек кылдым. Тарткан сүрөттөрүнө далай адамдар көз артып, далайларын жогорку баада сатып алып жүрүшөт. Жаш болсо да көптөгөн көргөзмөлөргө катышып, көрөрманды кайдыгер калтырбаган эмгектери менен эл алдына чыгып калды.

– Төлгөбек иним, сүрөтчүлүк өнөрдүн башаты кайдан, ата-энеңдин бирөөсүндө «чымыны» барбы?

– Атам комуз чертип, апам ырдаганы болбосо, сүрөтчүлүккө түзмө-түз тийешелери жок. Өзүм эле 5-6 жашымда кагаздардан блокнот жасап, ага көк ручка менен көзүмө жакшы көрүнгөн нерселерди чиймелей берер элем. Жердигим Көлдөн болгондуктан, көз жоосун алган көл толкуну, тегеректи курчаган мөңгүлүү тоолор, кооздугуна чек жетпеген жаратылыш табияты менин сүрөтчү болуума да абдан катуу таасирин тийгизди окшойт.

– Сүрөт жагында атайын билим алгансың да?

– КГУСТАнын архитектура факультетинде живопись кафедрасында толук кандуу беш жыл окуп билим алдым. Негизги кесибим художник-живописец. Мага КР эл сүрөтчүлөрү Үсөн Өмүров, Сапар Төрөбеков агайлар устат болушуп, алардын баа жеткис таалим-тарбиясына сугарылгам. Мына ушул агайларым сүрөттү кантип тартууну дасыктырышкан десем жаңылбайм.

– Ар бир художниктин жүзү, стили болот эмеспи…

-Ушул ой менин көкүрөгүмдө көптөн бери чырмалышып жүрөт. Бул абдан татаал нерсе экенине көзүм жетип турат. Миң түркүн толгонуу, изденүүнүн жыйынтыгы эмеспи. Чынын айтсам, азыркыга чейин деле өзүмдүн үстүмөн талыкпай иштеп келем. Туура айтасыз, художник үчүн анын стили, жазуу манерасы абдан маанилүү нерсе. Буга абдан кылдат мамиле кылуу керек. Сүрөтчү өзүнүн дараметине, жүрөгүнүн сезимине акыл-парасатына, көкүрөк көөдөнүнө жараша акыл калчап иш кылуу абзел. Ансыз өз стилин табуу кыйынга турат.

– Аттуу-баштуу кишилердин кимиси менен иштешип, алардын буюртмасын кылып жүрөсүң?

– Андайлар менде көп эле болду. Заказ менен иштеген нормалдуу эле көрүнүш деп ойлойм. Аскар Салымбеков, Ташкул Керексизов аттуу агаларым менен көп иштешип калдым. Бул эки агам көркөм сүрөт искусствосун абдан жогору баалаган, интеллекттери кенен, тереңден маани берип талдап биле алган инсандар.

– Булар менен кандайча таанышып калгансың?

– Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесин топурактын жардамы менен тарткан сүрөттү алгач Аскар агай көрүп, андан кийин Ташкул Керексизов экөө абдан жактырышып, жүрөк кылдары дилдирегенин мага айтып берип, таанышканбыз. Ошондон кийин ушул эки адамдын чоң-чоң картиналарын көп тарттым. Алсак, Аскар байкенин Ысык-Көлдүн жээгиндеги Көчмөндөр амфитеатрында Саякбай менен Чыңгыз агабыздын узуну сегиз метр, туурасы беш метр болгон портреттерин тарткам. Менин калемимден жаралган улуу инсандардын сүрөттөрү Аскар байкенин үйүндө турат.

– Устаттан таалим алган шакирт таптайт, окуучуларың барбы?

– Чакан курстарды өткөзүү менен алекмин. Кечкисин биринчи жолу май боёк, акрил боёкторду колуна кармап, өзүн бактылуу сезген балдарга сүрөт тартуу ыкмасын, композиция түзүү, холс, палитра, эскиз тууралуу алгачкы түшүнүктөрдү айтып, кызыктырганга аракетибиз күч. Алардын ичинен сөзсүз бирөө-жарымы өзүн көргөзө алат. Анткен менен устат болуу даражага жете элек окшойм, бир аз тартынам. Албетте, келечекте сүрөтчүлүк кесипти туу тутуп, нагыз художник болом деген балдарга эч нерсемди аябайм, билимимди, тажрыйбамды арнайм. Убактысы келсе ушул нерсе менен алектенем.

– Өз алдынча көргөзмө уюштургансыңбы?

– Ар жыл сайын өзүбүздүн жергебизде жана чет элде көргөзмөгө жандуу катышып, эмгектеримди эл сынына коюп келем. Анын ичинен жактырган картиналарды колунда барлар, музейлер сатып алат. Негизги нан таап, үй-бүлөмдү багуу сүрөтчүлүк болгондон кийин андайларды жаза кетирбейм.

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *