Төлөгөн Келдибаев: “Кыргызстан азык-түлүк боюнча мыйзамы жок жападан жалгыз өлкө”

Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенине мына жыйырма беш жылдан ашты. Тилекке каршы, өлкөбүздө эмдигиче азык-түлүк  жана анын коопсуздугу боюнча бир дагы мыйзам жок! Дал ушул өксүктүн кесепетинен республикабызда жыл сайын тамак-аштан ууланып, жугуштуу инфекциялык ооруларга чалдыккан жарандарыбыздын саны улам өсүп баратат. 

Бул жөнүндө Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы райондор аралык керектөөчүлөрдүн укугун жана жарандардын саламаттыгын коргоо кызматынын башкаруучусу Төлөгөн КЕЛДИБАЕВ кабарчыбыз менен маегинде канкакшады. 

– Төлөгөн мырза, деги сапатсыз оюнчуктар  аймакта азаябы, ыя?

– Мындай сапатсыз оюнчуктарды, деги эле  ушуга окшогон чыдамы өтө начар товарларды  өзү чек арадан таптакыр өткөрбөш керек. Товарларда “Мөөнөтү бүткөндө ыргытып жибериш керек” деп жазылып турат деп жатасыздар. Сиздер мөөнөтү бүткөндөн кийин оюнчук болобу, же башка азык-түлүк болобу ыргытып жиберген кыргыздын үй-бүлөсүн өзү көрдүңөр беле?  Танып не. Ушул тапта мобул Кытайдан байма-бай ташылып келаткан товарлардын жүздөн бири гана атайын органдар тарабынан кармалып жатат. Калган токсон тогуз пайызы дээрлик чек арадан бери өтүп эле дароо сатыкка коюлат. Андыктан, акчанын кулуна айланган ишкерлерибиздин мындай ишине катуу бөгөт койбосок, эч качан натыйжа чыкпайт! Муну үчүн чек араларда чукул арада заманбап био жана ветеринардык лабораторияларды сөзсүз түрдө ачуу абзел!

– Дегеле Кыргызстан тамак-аш менен өзүн-өзү камсыз эткенге жарайбы?

– Азыр бизге 70 пайызга жакын тамак-аш сырттан келет. Аны туруктуу ташыгандардын өз сертификаты менен эле буларды таратып ийип атабыз. Товарлардын этикеткасында жазылган жазууга ишенбестен, Кыргызстанда  аны кайрадан дагы бир жолу текшерип, кошумча этикетка тагылуу керек. Мына, жакындан бери кымызды жасап сатмай мода болуп кетти. Ушул тапта сүт азыктарынын басымдуулугу жасалма каражаттар аркылуу гана байма-бай даярдалып жатат. Азык-түлүк продукциясынын сапаты начардыгынан өлкөбүздө майып балдар арбын төрөлүп жатат. Андыктан, тамак-аш коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, бардыгын лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү – мезгил талабы.

– “Сапатсыз азык-түлүк мобул Кытайдан ар түрдүү жолдор аркылуу Кыргызстанга баары бир кирип жатат” деген маалыматтардын канчалык деңгээлде чындыгы бар?

– Танып кайда барабыз? Коңшу Кытай мөөнөтү эбак өтүп, сапатын биротоло жоготкон күрүчүн деле Кыргызстанга үзгүлтүксүз жөнөтүп жатат. Кытайдан ташылган өсүмдүк майынын сапаты дагы көпчүлүктү аябай кооптондуруп аткан чагы. Анткени, “Коңшу өлкөдөгү кафе-ресторандардын таштандыларынан жасалган суу май Кыргызстанга арзан баада жиберилип жатыптыр” деген маалымат эл арасында дагыле каңгып жүрөт. Ошондуктан, мындай ар бир маалыматты өткөрмө бекеттериндеги бажычылар, чек арачылар жана ветеринардык көзөмөл кызматтары абдан тыкыр иликтөөгө жана көзөмөлдөөгө тийиш!

– Көрүп аткандырсыңар. Теледен дайыма балдардын тамагын тынбай жарнамалап жатышат. Өзү булардын сапаты талапка ылайык бекен?

– Учурда Кыргызстанда сатылып жаткан балдардын азык-түлүктөрүнүн курамында эмне бар экендигин биз так билбегендиктен, өспүрүмдөр ар кандай ооруларга чалдыгып, ууланган фактылар абдан көп кездешип жатат. Ошондуктан, мындай шектүү азыктарды Кыргызстанга  кабыл алууда, колдонулуп жаткан продукциянын сапатын жогорулатуу үчүн атайын текшерүү лабораториялардын иштешин заманбап жөнгө салуу абзел!  Ошондо гана өспүрүмдөр арасында тамак-аштан уулануу жана ар кандай дарттарга чалдыгуу маселеси кескин түрдө азаят.

– Баса, Кыргызстанда тамак-аш жөнүндө мыйзам барбы өзү деги?

– Тилекке каршы, Кыргызстан азык-түлүк боюнча мыйзамы жок жападан жалгыз өлкө. Мунун кесепетинен республикабызда жыл сайын тамак- аштан ууланып, инфекциялык ооруга чалдыккан жарандарыбыздын саны өсүп жатпайбы. Мындан тышкары республикабызда абдан курч мүнөздөгү ичеги карын оорулары дагы ого бетер күч алды.

– Канткен күндө дагы биз  Ата Мекендик өндүрүштөн чыгарылган продукциялар менен өлкөбүздү толук түрдө камсыздай алабызбы?

– Кыргызстан тамак-аш ички рыногун өзү эле толук бойдон камсыздаганга мүмкүнчүлүгү толук жетиштүү. Курт дагы жебеген Кытайдан келген алмаларды, биз моминтип жеп жатабыз. Андыктан, сырттан келген сапатсыз тамак-аштарды  пайдалангандын ордуна, өзүбүздүн өндүрүштөгү тамак-аштарды урунсак, ден-соолугубуз мынчалык запкы жебейт эле. Себеби, бизде мындай дагыле мүмкүнчүлүк бар.

Ошто тамак-аштын сапатын жана кооптуулугун текшере турган атайын лаборатория барбы?

– Кыргызстанда тамак-аш азыктарынын сапатын текшере турган лабораторияларды катарынан куруу керек. Учурда түштүк аймакта жок дегенде бир лаборатория болушу шарт. Негизи ар бир райондун борборунда лабораториялар ачылса, тамак-аштын сапатынан дегеле кам санабайт элек. Лабораторияларды куруу үчүн кеминде 30 миллион сом керек. Кыргызстанда тамак-аш азыктарынын сапатын текшере турган жападан жалгыз лаборатория бар. Ал дагы Бишкекте.

– Бүгүнкү күндө өтө бат жугуучу жугуштуу оорулар арбып баратат. Сиздердин иликтөөнүздөрдө кайсыл оорулар өтө опурталдуу жана кайсыл жерлерде  ушул дарттардын жугуу, жайылуу  коркунучу өтө жогору?

– Биздин мекеме 2015-жылы жугушуу ооруларды кандай жол менен кай жактан жугуу болуп жатканын, жугуштуу ооруларды жуктурган адамдардын бир нечеси менен сүйлөшүү жүргүзгөнбүз. Бул көйгөйлүү дарт, айрычка жугуштуу оорулар медициналык мекемелерде көп жугуп жаткандыгы, тиш дарылоо жайларында,төрөт үйлөрүндө, төрөт маалында  операция болгондордо, аборт жасаткандарда сарык жана башка жуугуштуу бат жана кеңири жайылып жаткандыгы абдан көп байкалды.

– Эмнеден улам ушундай көрүнүштөр абдан көп орун алууда?

– Медициналык шаймандарды урунууда гигеналык эрежелер дегеле так сакталбайт. Жугуштуу инфекцияларга каршы иш-аракеттер дегеле жасалбайт. Башкача айтканда, бул өңүттө шалаакылык абдан күч.

– Төлөгөн мырза, карасаңыз. Сапатсыз азык-түлүктөр базарларда, соода түйүндөрүндө тим эеле жайнап кетти. Буга каршы неге чаралар көрүлбөй атат?

– Чукул арада тамак-аш реестрин түзгөнүбүз он. Сырттан ташылган продукцияларды өндүрүшкөн ишканалардын биздин өлкөбүздө өкүлчүлүгү туруктуу иштегени оң.  Анан дагы тыштан киргизилген продукциянын ар бирине атайын сертификат дагы берилиши кажет! Эгерде ал продукцияга нааразычылык жаралса, тийиштүү мекемелер ошол фирманын өкүлүнө дароо жана түз кайрылып, дооматтарын койсо жарашат. Кокус сапаты талапка жооп бербесе, кара тизмеге киргизип, алардын продукцияларын Кыргызстанга киргизбей койсок, мындан чындап утабыз!

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Булак: “Майдан.kg” 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *