Төлөгөн Наралиев, Апрель баатыры: “Жанар Акаев, мыкты болсоң артыбыздан ушак айтпай Таласка кел, көзгө тике карап сүйлөшөлү”

“Жанар Акаев сен кимсин? Мыкты болсоң артыбыздан ушак айтпай Таласка келип, көзгө тике карап, биз жөнүндө ой-нараазылыгыңды айтчы! Мисалы сен өзүң кимсин? Кантип КСДПдан депутат болуп калдың? Кайсы сиңирген эмгегиң үчүн?” – деп суроо салып чакырды Таластан Апрель баатыры, КСДПнын Талас облусу боюнча экс-координатору Төлөгөн Наралиев.

“Биз Апрель бааатырлары Таластын ар кайсы чөлкөмдөрүнөн бири-бирибиз менен сүйлөшпөй туруп, Рыскелди Момбеков тууралу ойлорубузду эч кимге “дүжүр” болбой эле бир убакта билдирдик. Анткени Рыскелди Таласка келиптир. Ошондуктан ага көптөн бери айтабыз деп сактап жүргөн ойлорубузду айттык. Сен Таласка келсең сени менен да ачык-айкын сүйлөшөбүз. Депутат катары эл менен жолугушууга кел. Артыбыздан Апрель баатырларын “дүжүрлөр”, бийликтин атайын уюштурулган чагымын аткарды таризинде ушак айтпа, акылыңа кел”, – деди Апрель баатыры Төлөгөн Наралиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *