Төлөгөновдун былыгы чубалууда…

Биринчи май райондук сотунда мурдагы депутат Райкан Төлөгөновго каршы козголгон кылмыш ишин териштирүү учурунда күбө Гулзада Абдыкадырова 2010-жылы 7-апрель түнү мародерлук менен алектенгендер тоногон буюмдарын туугандары аркылуу сатканын билдирди. Анын айтымында, алар идиш жуучу машинканы Дастан Оморовдун туугандарынан сатып алган.

Белгилей кетсек, Дастан Оморов 2010-жылдагы талап-тоноо иши боюнча соттолгон. Ал – бул иш боюнча соттолгон Абдулла Юсупов, Азамат Шергазиевдин шериги.

«Дастан Оморов биздин кудалардан болот. Туугандары аркылуу сатып алганбыз. Кийин телевизордон мародерлук боюнча буюмдарды кайтарыш керектигин угуп, идиш жуучу машинканын документи жана көрсөтмө кагаздары жок, күмөнүбүз болгондуктан алып барып өткөрүп бердик» – деди Гулзада Абдыкадырова.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *