Толук метраждуу көркөм фильмдин мыкты сценарийине сынак  жарыяланды

Мекенчилдик жана мекенди сүйүү, үйбүлөлүк салттарды сактоо жана бекемдөө, жаштар жана келечек муунду тарбиялоо, балдарды колдоо, айлана чөйрөнү жана экологияны коргоо, туулган жерге аяр мамиле кылуу темалары боюнча “Толук метрадждуу көркөм фильмдин мыкты сценарийине”  сынак жарыяланды. Бул тууралуу маданият маалымат жана туризм министрлиги басма сөз кызматы билдирди.

Сынакты  өткөрүү жана сценарийлерди кабыл алуу мөөнөтү.

Конкурс аны өткөрүү боюнча жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарына же интернет ресурстарына расмий жарыяланган күндөн баштап  2020-жылдын 20-мартына чейин өткөрүлөт. Сценарийлер 2020-жылдын 20-мартынын  17.00 саатына чейин кабыл алынат.

Сынакка  катышуу тартиби:

 “Мыкты сценарий”  конкурсуна Кыргызстандын жараны болгон кесипкөй киносценаристтер, киноишмерлер,  жазуучулар, журналисттер катыша алышат.

Сынактын  катышуучусу “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясынын Көркөм кеңешинин кароосуна өз сунушун коштомо каты менен конвертте чапталган түрдө берет. Конверттин бетинде катышуучунун аты жөнү, фамилиясы, атасынын аты, электрондук почтасы, телефону жана “СЫНАККА” деп жазылыш керек.

          Сынакка сунушталган сценарийге коюлуучу техникалык талаптар:

–  5 нускадан турган киноценарийдин тексти, анын электрондук версиясы;

–  текстин тили – мамлекеттик жана расмий;

–  текстин форматы – Microsoft Word “doc”;

–  сценарийдин көлөмү – 100 бет (хронометражы 90 мүнөткө чейин);

–    шрифти – 12 Times New Roman;

–   текстин жайгашы: жогору жагы -2,5 см, төмөнкү жагы -1,2 см, сол жагы -3,7 см, оң жагы- 2,5 см.

Сынактын жалпы талабы

Башка жолдор менен жиберилген сунуштар каралбайт. Жиберилген сунуштар рецензияланбайт жана кайтарылбайт.

 Байланыш:

Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш, Динара Асанова көчөсү, 1. Тел.:  344569, 344626. Факс: 344631. Конверттин сыртында Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясы, “СЫНАККА” деп жазылыш керек.

Электрондук дарек: [email protected]

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *