Тоо-Кен тармагын биротоло талкаламай болушту

Жакында эле премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кен иштетүү укугуна ар кандай лицензия берүүгө мамлекет да киришүүсү керек деген талапты койду. Чынын айтканда, ачык эле популисттик мындай талап ансыз да оор учурду башынан өткөрүп жаткан Кыргызстандын тоо-кен тармагын биротоло талкалайт деген коркунуч жаратат. «Кен иштетүү укугун берүү боюнча алдыда турган конкурстарды жана аукциондорду өткөрүү шарттарында мамлекеттик активдерди көбөйтүү үчүн аларга мамлекеттин милдеттүү катышуусу каралат. Башкача айтканда, мамлекеттик үлүштүн катышуусу капиталын тоо-кен тармагына сала турган инвесторлор үчүн кепилдик болуп кызмат кылат, ошондой эле жергиликтүү калктын инвесторлор мамилесин турукташтырат», — деди премьер-министр.

Жергиликтүү калк менен болгон мамиледе мамлекет жардам берет деген ишеним кен пайдалануучуларда таптакыр калбаганын айта кетели. Мисалы, “Алтынкен” компаниясы (Талды-Булак Сол жээк алтын кенин иштетүүдө) бир кезде Кыргызалтын аркылуу мамлекетке өзүнүн 40%дык акциясын өткөрүп берген эле. Кийинчерек жергиликтүү калк менен компания ортосундагы мамиледе көйгөйлөр келип чыкканда, мамлекет өзүңөр териштирип алгыла, урматтуу акционерлер деп четке чыга берген. Эмне экен, Кумтөрдө деле мамлекеттин 30 пайыз акциясы турбайбы? Бирок Кумтөрдө жергиликтүү калк менен көйгөй башталса, мамлекеттик чиновниктердин бири да басып барбайт. Ошондой эле кен казуу ишине да мамлекеттин каражат салайын деген ниети жок, сала да албайт, анткени эзели башы таңкыстыктан чыкпаган бюджетте, качан караба, каражат жок. Демек, инвестордо кандай тоо-кен казуу долбооруна болбосун, кызыгуу төмөндөйт, анткени моюнга отуруп алчу арам тамак менен бөлүшүүнү ким кааласын. Атамекендик тоо-кен тармагы ансыз деле ири инвестицияларга абдан муктаж болуп турган чагы. Ошондуктан мындай чара — өлкөдөгү инвестициялык климатты начарлатууга гана жасалган кадам.

Мындайча айтканда, Кыргызстандагы кен пайдалануу менен байланышкан ар бир долбоор 10-15 пайызга, же мамлекетке канча бериш керек деп чечишсе, ошончо пайызга чыгалашуу болот. Мындай шарттарга кайсы инвестор макул болот? Африкалык Зимбабве мамлекети да ушундай жолго барган эле: ал жакта ар кандай тоо-кен ишканасынын кирешесинин 50%зы автоматтык түрдө мамлекеттин пайдасына өтөт деген мыйзам кабыл алышкан. Албетте, мындай кадам инвесторлордун массалык качуусуна алып келген. Натыйжада ушундай жана башка эксперименттерден улам Зимбабве дүйнөдөгү эң кедей мамлекеттердин катарынан орун алган, инфляция болсо күнү 100 триллион зимбабве долларын чыгарууга аргасыз кылган (туристтер ал жакта азыр 1 америка долларына 100 триллион зимбабве долларын сатып алышат). Кыязы, бизде да тоо-кен тармагын тып-тыйпыл кылууну көздөп жатышкандай.

Премьердин айтканы, албетте, “патриоттуулуктай” угулат. Бирок иш жүзүндө бул барып турган популизм. “Жер асты кендери жөнүндөгү” мыйзамда мындай дегеле жок. Бирок адамдар: өкмөт азамат экен, биздин кендерди казып атышкан инвесторлор төлөсүн деп айтышаары анык. Бирок маселени мындайынан коюу инвесторлорго жагары күмөн, алар буга көнбөйт, шарт бурулат да, алардын пикири менен эсептеше турган өлкөлөргө кете берет…

Жакында Кыргызстанда кендерди иштетүүгө кеминде элүү жылга мораторий жарыялоо идеясын дагы эстешти. Ушул эле адилеттүүрөөк болмок. Негизи эле бардык инвесторлор үчүн “Манас” аба майданынын кире беришине: “Жоголгула! Бул жерде силердин эч кимге керегиңер жок!” деп жарыя илип коюу эле калды. Ошентип койсо, жок дегенде иштиктүү адамдар Бишкекке убакыт коротуп убара болмок эмес.

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *