Топ тепкич кыздар Борбор Азияда үчүнчү

Кыргызстандын футбол боюнча кыздар арасында курама командасы Өзбекстандын Ташкент шаарында өтө турган Борбор Азия өлкөлөр арасындагы эл аралык мелдешке аттанып кетишкен. 19 жашка чейинки топ тепкич кыздарыбыз алгач эки оюнду уттуруп, коло медаль үчүн Тажикстан командасы менен жашыл талаага чыгышкан. Кылчайнашкан катуу таймашта эсеп саны 1:1 болуп, оюн тең чыгуу менен аяктаган. Топ айырмасы биздин кыздардыкы түзүк болгонго байланыштуу коло медаль биздин кыздарда калганы чоң абийир болду.

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *