Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Төрага Канат Исаев президенттин милдетин аткаруучу кызматынан баш тартты
Саясат

Төрага Канат Исаев президенттин милдетин аткаруучу кызматынан баш тартты

Төрага Канат Исаев президенттин милдетин аткаруучу кызматынан баш тартты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-октябрда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, бүгүн ал арызга кол койду.

«Учурдагы коомдук-саясий кырдаалды жана мамлекеттеги кырдаалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруучу органынын алдында турган эң маанилүү милдеттерди эске алып, мен өз күч-аракетимди түздөн-түз Жогорку Кеңеште иштөөгө топтоону чечтим. Ошондой эле, парламенттин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү аяктап жаткандыгына байланыштуу, мен өзүмдү президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга мүмкүн эмес деп эсептейм», – деди Канат Исаев өз билдирүүсүндө.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков бүгүн мамлекет башчысынын кызматынан кетерин жарыялаган. Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы жаңысы шайланганга чейин президенттин милдетин аткарышы керек.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт