Төрөбаев да олуттуу маселе көтөргөнгө жарайт

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга кирген товарлар тобунун бажы төлөмү көтөрүлө турганын эскертип, ал боюнча өкмөт маалымат бербей жатканын сынга алды. Бул боюнча: “Январь айынан баштап 166 товардык позицияга жаңы бирдиктүү бажы тарифи кирет. Биз Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин бул товардык позициялардын бажы төлөмү боюнча жеңилдик алып, ушул күнгө чейин узартып келгенбиз. Ошонун ичинде автоунаалар да бар. Эгерде буга чейин автоунаа алып келгендер 500 доллар бажы төлөмүн берип келсе, жаңы жылдан тартып 5000 доллар төлөйт. Бирок 166 позициянын калгандары кайсы товарлар экенин мен да билбей жатам. Биздин ишкерлер Кытай, Түркия, башка мамлекеттер менен иштеп жатат, бирок алар кайсы товарлар экенинен кабары жок. Бул жөнүндө өкмөт ачык маалымат бериши керек” – деп агынан жарылды.

Бул жолу эл өкүлү олуттуу маселени кабыргасынан койду.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *