Төрөбай Зулпукаров, депутат: Бюджеттин чыгаша жагына эмес, киреше жагына көбүрөөк көңүл буруу зарыл

– Төрөбай мырза, комитеттердин жыйындарында өтүп жаткан талкууларга кулак төшөсөк, 2019-жылдын бюджети тууралуу мыйзамга сын пикирлер оголе көп айтылууда. Депутат катары бюджеттин долбоору сизди канааттандырдыбы?

– 2019-жылга кабыл алынып жаткан бюджет – бул өкмөттүн негизги мыйзамы болуп эсептелет. Бизде бүгүн оппозиция же саясый партиялар тарабынан «биз мындай кылмакпыз» деген чакырыктар аябай көп. Бирок, бюджет кабыл алынып жатканда бир да саясый күчтөрдөн бир дагы альтернативалык мыйзамдар сунушталбайт. Негизи, сындаган жеңил, бирок, анын чечүү жолун сунуштоо өтө оор. Өкүккөн парламенттик өлкөлөрдө оппозициялык партиялар, фракциялар альтернативалык бюджеттин мыйзамын сунушташат.

– Жеке сиз өкмөткө эмнелерди сунуштаар элеңиз?

– «Бажыда мындай резервдер бар экен, киреше бөлүгү минтсек көтөрүлөт. Салык төлөбөй жаткан момундай фирмалар бар, аларды төлөтчү болсок биздин бюджет 164 эмес, 200 миллард сомго чыгат. Кээ бир бийлик бутактарынын штаттары ыксыз көбөйүп кеткен, оптимизацияга бара турган болсок, чиновниктердин саны мынча кишиге азаят. Үнөмдөлгөн акчанын эсебинен мугалимдердин, медиктердин айлыгы мынчага көтөрүлөт» деп кирешенин булактарын издешибиз керек. Бюджет каралганда чыгаша жагына эмес, киреше жагына көбүрөөк көңүл буруу зарыл.

– Бюджеттин дефицитин жоюу тууралуу сөз болгондо эле «социалдык төлөмдөрдү кыскартуу керек» деп чыгышат. Мисалы, бир министрибиз «карылар үйлөрүндө, интернаттарда жашаган кемпир-чалдарга пенсия төлөбөш керек» десе, дагы бир депутат «сүйүнчү пулду бийлик тоолуу райондордо жашагандарга гана бериш керек» деп чыкты. Бирок, «ишканалардын санын, жумушчу орундарын көбөйтүү керек» деген сунуштар дээрлик угулбайт.

– Бизге инвесторлор канчалык көп тартылып, завод-фабрикалар канчалык көп курула турган болсо, бул бюджетке түздөн-” түз таасир этет. Ошондуктан, биз өкмөткө «2019-жылы канча ишкана куруларын, кээ бир ишканалардын эмне үчүн курулбай калып жаткандыгынын себептерин айткыла» деп тапшырма бердик. Бүгүнкү күндө «ишкана курабыз» деген каалоосу да, акчасы да бар инвесторлор көп эле. Бирок, ошол эле учурда алар заводду кура турган жер сураса, аны трансформация кылып, жердин категориясын өзгөртүш керек да. Ошондой иштерди өкмөт пландаштырып алышы керек. «Мынча заводдун курулушу башталат, инвестициянын көлөмү мынча, мынчанчы жылы бүтөт» деген план болушу зарыл.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *