Төрөбай Зулпукаров, Жогорку Кеңештин депутаты: “Мен жаратканга алуучулардан эмес, берүүчүлөрдөн кыла көр деп тилек айтам”

Чоң эненин тарбиясын алгам

Мен туулуп өскөн, балалыгым өткөн жер Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылы. Кара-Таш айылы тоо боорунда жайгашкан, тоо тарабынан Кыргыз-Ата суусу Найман каналы аркылуу өткөн өтө кооз айыл. Ата-энебиздин 5 уул 3 кызы болгон. Биз сегиз бир тууганбыз. Мен үйдүн ортончусумун. Эки агам жана бир эжем, эки иним, эки карындашым бар. Атам 30 жылдан ашуун милиция кызматкери болуп иштеген. Апам айылда библиотекада, андан соң колхоздо иштеген. Атам жумушу көп болгондуктан эрте кетип кеч келчү. Биз менен көп учурда апам калчу. Бизге чоң энебиздин тарбия таалими да өтө чоң таасир берген. Өз ата-эне менен чоң ата-эненин тарбиясы эки башка болот. Чоң энем биздин адам болуп калыптанышыбызга көп салым кошкон. Мен өзүм деле шок бала болгон экенмин. Эсимде, ата-энебизден качып, түн бир оокумга чейин ойноп, түндө келип үйгө кире албай үйдү айланып жүрчү элек. Эртеси апабыздын чыбыгын жеген күндөр көп эле болду. Мен Бишкекте Улуттук Гвардияда кызмат өтөп, кызматым бүткөн соң Бишкекте окуп, иштеп калдым. Ошондуктан студенттик күндөрүм, жаштыгым дээрлик шаарда өттү десем жаңылышпайм.

Ажылык парзды аткарганбыз

Келинчегим Чүйдүн кызы. Өзү Бишкекте төрөлүп чоңойгон. Үйлөнөм дегенде мен тараптан апам, келинчегим тараптан кайнатам биздин үйлөнгөнүбүзгө каршы болушкан. Бирок кийин бири-бирибизге болгон урмат-сыйды түшүнүштү да анан макулдук беришкен. Келинчегим экөөбүз 2009-жылы ажылык парзыбызды аткарып келгенбиз. Буюрса балдарыбыз ыйманы менен тартиби менен бой тартып келе жатканына шүгүр кылам. Улуу кызыбыз дарыгер болом деп окуп жаткан учуру. Кичүү ини – сиңдилери тун кызыбыздын үлгүсү менен буюрса жакшы окуп, бизди сүйүнтүп келе жатышат. Келинчегимди мактагандай болбоюн мээримдүү апа, жароокер жар.

Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет

Татыктуу жашоо деген мен үчүн бар нерсеге шүгүр кылуу, жок нерсеге сабыр кылып, Жараткандын бергенине топук деп, колуңдан келсе башка бирөөлөргө жардамын тийип турса эгер мүмкүнчүлүгүң болсо татыктуу жашоо болот деп ойлойм. Мен Жараткандан алуучулардан эмес берүүчүлөрдөн кыла көр деп көп тилек айтам. Жашоодо кыйынчылыктар болуп турат. Өйдө – ылдый сыноолор болот. Сынып калбай, көтөрө билиш керек. Мен максат кылам, максатыма жетүү үчүн эмгектенем. Кыжаалатчылык да көп болот. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет ” деген элибизде накыл сөз бар го, ошондуктан ар дайым эле ойлогон оюңа, максатына жете бербейсиң. Бирок мунун баары Жараткандан деп кайра аракет кылып жашайбыз.

Тарыхты карап азыркы енүгүүнү көрсөк болот

Наалыган инсан ийгиликке жетишпейт. Катаны ар бирибиз өзүбүздөн көбүрөөк издесек жакшы болот. Заманда күнөө жрк. Заман дайыма бирдей. Коом өзгөрүп турушу мүмкүн. Үмүттү Жаратканга кылышыбыз абзел. Аракет ар бирибизден болуш керек. Мен наалыбаганга аракет кылам. Жылдан-жылга жашоо кай жака өзгөрүү болуп жатканына саресеп салыш керек. Ал үчүн өткөн күнгө кылчайып бир кароо керек. Кандай болбосун жакшы жагына жылыш бар. Биз СССР учурунда мектепке барып союздун жашоосун көрүп калганбыз. Тарыхка кайтсак жылышты да байкамакпыз.

Спорт чеберимин

Спортто биз командалык акча каражатын көп талап кылган спорттун түрүнө эмес, күрөш, бокс сыяктуу жекелик олимпиадалык спортко өзгөчө көңүл буруп, бюджетти эле карабай, мекенчил, колунда бар инсандарыбыз жардамын кылып турса да спорт өнүгөт. Уул-кыздарыбызга мекенчилдик сезимдерин ойготуу менен да жардам беришибиз керек. Мен өзүм спортсуз жашоомду элестете албайм. Мен рукопашный бой боюнча спорттун чеберимин.

Биз өз жерибизде гана бактылуу боло алабыз

Адам баласын кайсыл учурда жакшы инсан деп айтабыз. Ал инсандын көөдөнүндө ыйык сезимдер болгондо. Ыйык сезимдер деген эмне? Бул Жараткан, ата-энебиз, мекенибиз дилибиз, динибиз, каада-салтыбыз. Учурда беш парздын баарын аткарууга аракеттенип жүрөбүз. Жараткан кабыл кылсын. Үмүтсүз бир гана шайтан демекчи. Үмүт бар. Мамлекетибиз өнүгүү жолунда. Кудай буйруса келечегибиз кең. Кыргыз жерин элибизден алыстап жашап көргөндө билебиз. Биз өз жерибизде гана бактылуу боло алабыз.

Дүйнөдө эң кымбат нерсе – убакыт

Бүгүнкү бир күнүң эртеңки миң күнгө барабар деген накыл сөз бар. Дүйнөдө өзү эң кымбат убакыт болот. Түшүнгүсү келбеген, сөздөн кыйкым издеген киши менен баарлашып убакытты кетирбөө керек. Жумуш учурунда уктап, пайдасыз илим үйрөнүп же маанисин түшүнбөй китеп окуп убакытты кетирбөө керек.

Гүлмира Шаршеева

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *