Төрт сап ыр, төрагага чыр

Өткөн аптада спикер Дастан Жумабеков VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин V сессиясы өз ишин аяктаганына байланыштуу басма сөз жыйынын өткөрүп, жыйындын жүрүшүндө экс-президент Атамбаевдин сөзүнө теригип, жооп берип жатып төрт сап ыр окуй коем деп, ал төрт саптын авторунун жана бир катар акындардын, угармандардын тепкисинде калды. Ал төрт сап ыр төмөндөгүдөй:

Мен кыргызмын, сатылбаймын сатпаймын,

Мен кыргызмын, ата наркын сактаган,

Кыргызстан деп эмгектенип жүрөмүн,

Ар күн сайын азаттыка аттанам.

Бул ыр саптарынын автору да мен болушум мүмкүн деп койгону күмөн жараткан. Көрсө бул ыр саптарынын автору белгилүү журналист, акын Зайырбек Ажыматов экен. Акын бул жыйындан кийин ФБдагы баракчасына өз пикирин жазды. Анда:

“Өйдөдөгүлөр, Дастан мырзага айтып койгулачы, ырды бузбай окусун! Анан ырга рейдерлик кылганды койсун. Ал айткан саптардын автору менмин. Аны 2003-жылы Дастакеңдин дайыны жок кезде жазгам.”

Мен кыргызмын!

Мен кыргызмын – сатылбаган, сатпаган!

Мен кыргызмын – баба наркын сактаган!

Ата Журтка жасасам деп бир эмгек

Ар күн сайын «Чоң казатка» аттанам.

Мен кыргызмын – асман-жерге жашташмын!

Эзелкимин, келечекмин, максатмын.

Кылы дагы кыйшайганын каалабайм.

Кырчылдаган «Кыргыз» деген жакшы аттын!

Мен кыргызмын – түгөнөрдө түтөгөн!

Мен кыргызмын – жок болордо күчөгөн!

Мен кыргызмын – тарыхым бар, тилим бар.

Мезгилдердин ой-чуңкурун түзөгөн.

Мен кыргызмын – жөнөкөймүн, улуумун!

Мертинтпеген эчен азап, улуу муң.

Кылымдарга улап кетер эл көчүн

Кыргызмын мен, эр Манаска муунмун!

“Акын Зайырбек Ажыматовдун ырын чоң эле жетекчи менчиктештирип алгандан кийинки ой” деген темада акын, журналист Жыргалбек Касаболотов “Уурулар” деген ырын тартуулады.

Уурулар

«Мурункулар» шым уурдап,

Муралиев «сыр» уурдап,

Төгүлдү го кадыры

Төрагабыз ыр уурдап.

Эсеп уурдап, чот уурдап,

Эл үмүтүн сот уурдап,

Акындардын маңдай тер

Атак-даңкын кошо уурдап,

Вице-премьер кен уурдап,

Визаларын тең уурдап,

Оңбогондой көп жерди

«Отунчудай мэр»уурдап,

Өзгө уурдап, өз уурдап,

Өтө турган бөз уурдап,

Кырып-жоюп паспорттон

«Кыргыз» деген сөз уурдап,

Ката жазып тил уурдап,

Каңгыратып дин уурдап,

Батукайдын баласын

Баары чогуу бир «уурдап»,

Кытай жалдап, ЖЭБ уурдап,

Кырып-жоюп жеп уурдап,

Кырылышсын дегенсип

«Кыргыз душман» деп уурдап,

Калкты жыйып күчуурдап,

Кайра баштан үч уурдап,

Жетесиздер өлкөнү

Жемей болду бүт уурдап…

Ал ортодо социалдык тармактарда төраганын төрт сабына пародиялар чыга баштады.

Мен жемкормун, сатып албайм, сата алам.

Автобуска түшүүдөн да уялам.

Сатыламын, сатып ийем баарысын,

Мен боломун эл ырысын уурдаган.

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *