Трамп импичмент боюнча угууларга катышуудан баш тартты

АКШнын президенти Дональд Трамп 4-декабрга белгиленген Өкүлдөр палатасындагы импичмент боюнча угууларга катышпайт. Бул тууралуу Ак үйдүн юридикалык кеңешчиси Пэт Чиполлоненин сот комитетинин төрагасы Жеррольд Надлерге жөнөткөн катында жазылган.

— Биз бул иш боюнча күбөлөр ачык айтылганга чейин угууларга катыша албайбыз. Азырынча сот комитети кошумча угууларды белгилеп, президентти адилеттүү процесс менен камсыз кыла алар-алабасы дагы белгисиз болуп жатат. Мындай шартта президент шаршембидеги угууларга катышпайт, — деп жазылган катта.

Чиполлоне комитеттин отуруму Трамп НАТОнун жыйыны үчүн Лондонго бара турган күнгө белгиленгенин кошумчалады. Ал демократтар отурумду «атайылап» ушул күнгө белгилешкен деп эсептейт.

4-декабрда Өкүлдөр палатасынын Юридика жана сот комитеттеринде Трампка импичмент жарыялоого конституциялык негиз бар-жоктугу талкууланат. Бул үчүн Конгресске конституциялык укук боюнча юристтер менен эксперттер чакырылган.

Трамп 2020-жылы өтө турган шайлоодогу ыктымал атаандашы Жо Байденге зыян келтирүү үчүн Украинанын жетекчилигине басым жасаган деп айыпталууда.

Президент демократтардын айыптоолорун четке кагып, ага каршы башталган импичмент жараянын «америкалык саясаттын тарыхындагы эң чоң алдамчылык» деп атаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *